www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индонезиялык Арьес Сусани имараттын ичинде аскага чыгуу боюнча мелдеште дүйнөлүк рекорд жаратып, социалдык тармактарда атагы чыкты.

24 жаштагы Сусани Кытайда өткөн аскага чыгуу боюнча дүйнөлүк чемпионатына катышып, 15 метр бийиктиктеги аскага 6,995 секундда чыгып, алтын медаль утуп алды.

Социалдык тармактын колдонуучулары индонезиялык спортчунун койгон рекордуна таң калышты. “Мен төшөгүмөн турганыма мындан көп убакыт кетирем”, “Менин оюмча чыныгы “жөргөмүш адамды” таптык окшойт”, “Бул сонун жетишкендик, аны кантип кылды?”, “Бир Индонезиядан келген керемет аял” деген сыяктуу комментарийлер интернет колдонуучулары тарабынан спортчунун дарегине жаап жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости