www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирактын парламенти 21-январда жаш балдарга нике кыюуга уруксат берген мыйзамды кабыл алды. Андагы өзгөртүүлөр ислам сотторунун үй-бүлө маселелерине байланыштуу ыйгарым укуктарын бекемдейт. Ыйгарым укуктардын ичинде нике кыюу жана ажырашуу боюнча чечим чыгаруу укугу да бар, деп билдирди «CNN».

Негизинен Ирактын мыйзамы боюнча 18 жаштан өткөн жарандарга гана үй-бүлө курууга болот. Бирок жаңы өзгөртүүлөрдө ыйгарым укук алган ислам сотторунун көпчүлүгү кыздарга 9 жашынан тарта нике кыюуга болот деп эсептешет.

Активисттердин айтымында, жаңы өзгөртүүлөр Ирактын 1959-жылдагы Жеке макам жөнүндөгү мыйзамын бузат. Анда аялдар үчүн кепилдиктер белгиленген.

БУУнун 2024-жылдагы маалыматына таянсак, Ирактагы аялдардын болжол менен 28%ы өспүрүм курагында эл турмуш курушат.

Последние новости