www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанга белгилүү невролог, психотерапевт Темирбек Бекбоев учурдагы ооруулардын негизги келип чыгышын нервдик системалардын чыңалуусуна психиканын бузулушунун кесепеттеринен келип чыгат, деген пикирин айтты.
Денеге залал келтирүүчү физикалык травманы түшүнүү оңой деңизчи, бирок, жан-дүйнөгө залал келтирген психикалык травманын тереңдигин кээ бирибиз көп деле түшүнө бербейбиз. Биз дарылап жүргөн невроз оорусун жогоруда айткан психикалык травмалар пайда кылат.
Негизинен, психикалык травма сөз аркылуу болушу мүмкүн, сөз сүйлөнбөй деле болушу мүмкүн. Мисалы, үй-бүлөөлүк көйгөйлөрдөн, сүйгөнү менен араздашуу, жакынын жоготуу, ойлогон максатынын кыйрашы, иштеги кыйынчылыктар, жасаган терс кылык-жоругуна жооп берүү, өмүрүнө капыстан келген коркунуч, ден соолуктун начарлашы ж.б.у.с. себептерден. Элибизде айтылгандай, сөз менен адамды өлтсүрсө да болот, айыктырса да болот. Турмуштук өңүттө дагы конкреттүү атасак, сөз сүйлөнбөгөн психикалык травмаларга: сүйгөнүн жоготуу, көпкө чейин жубайы менен таарынышып, сүйлөшпөй калуу, жакын адамы каза болгондугу жөнүндөгү телеграмма алуу, үй буюмдарынын күйүп кетүүсү же үйүнүн өрттөнүүсу, акчасын жоготуу ж.б.у.с кирет.
Ушул травмалардын ичинен, аябай катуу кайгырткан патогендик бир катуу травма адамдын психикасын кыйратат же чечилбеген көйгөйдүн аркасындагы өнөкөт психикалык травмааны акырындап чарчатат.
Эгерде психикалык травма өткөн чактагы бир мезгилдерде болсо, ал адамды кайгыртып, бирок, убакыт менен унутулат, ал эми мындай абал келечекке көйгөй жарата турган болсо, анда чечилбеген ой-санаага айланып кетет. Турмуштук жагдайлардан үй-бүлө бузулуп, жубайлар ажырашып жаткан болсо, ал кайгы-капага алып келет деңизчи, бирок, алар мурда эле бирге жашабай, ажырашабыз деген чечими болсо, анда анчалык деле катуу кайгыртпайт.
Адамдын дагы бир психо-эмоционалдык стресске кабылуусу жакын адамын жоготкондо болот. Элибиздеги жакын адамын жоготкондон кийинки көңүл айтуу салты өз убагында жан-дүйнөнүн кайгы-капасын кыйла азайтаарын адам жашы улгайган сайын байкай баштайт экен. Ошондогу айтылуучу: "белинди бек буу", "кайгыргандан пайда таппайсың, "балдарыңдын келечегин ойло", "ар бир адам өз мандайына жазганын көрөт", "баарыбыздын бара турган жайыбыз ошол", "эртеби-кечпи баары бир ошол жакка барабыз" дегендей сөздөр азалуу адамдын кайгысын бир топ эле женилдетип коёт.
Негизинен, ар бир адамдын баалуулугу болот. Баалуулук дегенибиз - түрдүү шартта өткөг мезгилдеги сени алдыга тарта турган күч. Мисалы, окуучуну алып көрө турган болсок, ага сабакты окуганы баалуу, мугалим жөнүндө айта турган болсок, анын жумушундагы окуучулардын билиминин денгээли баалуу, врачтардын жумушун алып көрсөк, бейтаптардын оорусунан сакайып кетүүсү баалуу, аял кишиге үй-бүлөдөгү ынтымак жана балдарынын келечеги баалуу деген сыяктуу - ар бир адамдын ой-санаасын багыттай турган баалуулуктары болот. Мына ушул баалуулуктар кандайдыр бир себептен кыйрай турган болсо, адам психо-эмоцианалдык стресске кабылышы кутулет.
Жашоонун дагы бир алга сүрөй турган күчү - алдыга койгон максаттын бийиктиги, ошого жетүү үчүн кылган аракет.
Максатсыз, жагымсыз жашоо дагы бир топ көйгөй жаратып, өзгөчө, улгайган кишилердин өмүрүн кыскартат. Психо-эмоционалдык стрессти капачылыктан келип чыккан нервдин чыңалуусу деп айтсак болот. Биз илгертеден бери эле мединституттан окуп жүргөн стресс жөнүндө окуу окумуштуу Г.Сельенин "адаптациялык стресс" теориясына негизделген.
Г. Сельенин жазгандары боюнча, адам стресске кабылды дейли, ошондо, анын коркунучу мээге берилип, ал нейроэндокриндик системаны активдештирип, гипофиз-гипоталамус - калкан безине - бөйрөк үстүндөгү безге таасир этип, көптөгөн гормоналдык өзгөрүүлөрдү пайда кылат. Мисалы, анын ичинен, коркунучтун таасиринен адреналин гормону бөлүнүп чыкса, ал жүрөктү дүкүлдөтөт, кан тамырларды кысып, кан басымын жогорулатып, адамды кыйын абалга алып келээри шексиз. Этерде адамдын жан-дүйнөсүндөгү көйгөйү чечилбей турган болсо, анын кан басымы жогорулай берип, гипертония оорусун пайда кылат.
Жогорпуда айтылгандай, эгерде адамда орчундуу психикалык травма болсо, З.Фрейддин жазган илимий эмгектери боюнча, коргонуу механизми таасир берип, организм өзү психотравманы жеңилдетүүгө аракет кылат. Дагы түшүндүрүп айтканда, коргонуу механизмдери иштеп, психотравманын залалын азайтат.
Кокустан адам өтө күчтүүпсихотравмага чалдыкса, анда - башкача сөз. Мисалы, биздин өлкөбуздө болуп өткөн эки революциялык процесс канча адамдын тагдырын кыйратып, канча адамды мөгдүрөткөнүн биз толук биле бербесек керек. Ушундай учурларда, бирөөлөрдүн үйү өрттөнүп кетсе, кээ биринин дүкөнү, үй-жайлары тонолуп, запкысын ошол башына мүшкүл түшкөн жарандар тартышты. Ал эми Ошто 2010-жылы болгон кандуу коогаланды элестетип көрүңүз, канча жарандарыбыз жакындарын жоготуп, кандай кыйын коркунуч абалына кабылышпады.
Ошол кайгылуу окуяга кабылгандардын бир-экөөсүн психикалык абалынан маалымат берейин. Бир 33 жаштагы жигиттин айтымында, чек арага жакын айылдардын биринде ызы-чууга туш келип калат. Ошол көрүнүштөн коркуп калган жигиттин уйкусу качып, коркунучка кептелип, колу-буту чымырап, денесин майда калтырак басып, бизге кайрылган. Бир топ рационалдык психотерапиялык сеанстардан кийин, нервди тынчтандыруучу дарыларды кабыл алып жүрүп, ушу жакынкы жылдарда эле араң айыкты.
Ал эми Жалал-Абад аймагындагы Сампа окуясынан кийин кайрылган жарандардын айтуусу боюнча, ошол мезгилде коркунуч абалына кептелип, калчылдап-титиреп, өң-алекеттен кетип, аман калгандарына сүйүнүп бизге келишкен. Кагылышуу учурунда Жалал-Абад шаарынан өткөндөн кийин ахта иштетүүчү ишканасынын айланасынан бараткан машиналарды бейтааныш адамдар аткылай башташкан. "Бир машинаны өз көзүбүз менен көрдүк. Аткылоодон улам машина аварияга учурагандан кийин, ичиндеги кишилерин өлтүрүштү болуш керек, андан биз араң качып кутулдук. Бирок, аткылоодон улам машинабыздын айнектери сынды. Ошентсе дагы, аман калганыбызга шугурчулук", - деп жан-дүйнөсүндөгү кайгы-капасын билдиришкен. Уйкусу качкан, психо-эмоцианалдык стресске кабылган мындай үч адамга, нервди тынчтандыруучу дары-дармектер менен кошо, врачтык кеңешимди айтуу менен чектелгем. Анткени, алардын убактысы тар экен, жолдо баратып кайрылыптыр, бирок, кийин келишээрин билдирип кетишкен.
Кээде Ооган согушуна, Баткен окуясына катышкан биздин эр-азаматтарыбыздын кайрылган учурлары болуп калат. Кан көрүп калган, экстремалдык кырдаалга тушуккан жигиттерибиз уйкусу качып, депрессияга кабылганын, жан-дүйнөсүн коркунуч ээлегенин айтышып, баш оорусуна басым жасашат. Башынын ооруганын физикалык травмадан болду десек, жан-дүйнө кайгысын мурдагы өткөн психикалык травма менен түшундүрөбүз.Бир топ кеңештерди айтып, комплекстүү дарылоодон өткөрүп, баш оорусу кайталанса, кийин дагы келүүсүн сунуштайбыз.
Өзүмдүн атам Улуу Ата Мекендик согушка катышып, ошол жактан снаряддын осколкасынан жеңил жаракат алган киши эле. Ыраматылык атам айтып калаар эле, согуштан кайтып келген алгачкы жылдары согуштагы алааматты элестетип, уйкудан бакырып ойгонуп кетээр элем деп. Бир жолу бирөөнүн үйүнө конокко барып, ошол коркунуч баскан учурда жанындагы кишини душман деп элестеткенби, аны мойнунан муунткан экен. Ошол коркунуч бир-эки жылдан кийин аз-аздан басылган деп калчу эле. Анда азыркыдай дарылар каяктан болсун.
Спецполиклиникада иштеген учурда, эсимден чыкласа, 1985-жылдары, жай мезгили болуш керек эле, жогорку кызматтагы адам "партиялык бюродон" катуу сөгүш алып, мээсине кан куюлуп, менден дарыланып калды. Төрт ай дарылоодон кийин ал кишинин суранычы боюнча эмгек баракчасын жаап, жумуш-жолдомо бердим. Бирок, жогору жактан майыптыкка чыгуусу жөнүндө сунуш түшкөн экен. Мен: "Жумушка чыкпаса, бул адам кайрадан инсульт сорусуна кабылып калуусу ыктымал", - деп кыйылганыма карабастан, майыптыкка чыгарып жиберишти. Элестетип көрүңүз, дайым иштеп көнгөн адам кызматта иштебесе, кайрадан стресске тушугуп, өмүрунө коркунуч туулмак. Бөлөк мамлекетке кеткен ал жарандын эки жылдан кийин каза болгонун уктум.
Жогорку кызматта иштеген айрым инсандар кызматынан түшүп калса, чоң стресске кабылышат. Эл менен иштешип, өзүн ошо кызматтын алып баруучусу катарында көп мамлекеттик маселелерди чечкен адамдар жумушунан түшкөндө кайгыга алдырып, өздөрүнүн негизги баалуулугун жоготкондой болушат.
Көп жыл мурун, мен жаңыдан жеке ишкерликти баштаганымда 1991-жылдары, 19 жаштагы кыз кайрылып калды. Анын айтканы боюнча, түн ичинде белгисиз жигиттер зордуктоого аракет кылыптыр. Уялганынан, укук коргоо органындагы кызматкерлерге кайрылбастан, ичинен сызып жүрө берген экен, бирок, депрессияга тушугуп, башы катуу соруп, көңүлүнө эч нерсе чаппай, жүрөгү дүкүлдөп, аба жетпей деми кысылып, тамакка табити тартпай, арыктап кетиптир. Биздин менталитетке ылайык, башында ал кыз психикалык травмасы жөнүндө үн каткан эмес, кийинчерээк рационалдык психотерапия маалында акырындап кайгы-капасынын четин чыгара баштаган. Комплекстүүдарылоодон кийин ал кыз толук айгып кеткени бүгүнкү күнгө чейин эсимде.
Кедээ, кайрылгандардын арасынан, орто жаштагы келиндер үй-бүлөлүк чар-татактын айынан жолдошу менен ажырашып кеткенин айтып даттанышат. Кан басымы туруктуу болбой, климакстык жабыркоодон денеси ысып-муздап, кара тер басып, көңүлү бир калыпта болбой, маанайы өзгөрүп, кээ бири толуп кеткенин билдиришсе, дагы бири тамакка табити начарлаганын айтышат. Көйгөйүн чечүү үчүн кайраттуу болуу керектигин түшүндүрөсүң. "Убакыт өтсүн, кайгы-капаң азаят", "азыркы убакта балдарындын келечегин көбүрөөк ойлошуң керек", "турмушта жолдошу жок деле жакшы жашап жүргөн кыз-келиндер көп" деген сыяктуу сөздөрдү айтып, жашоонун "оомалуу-төкмөлүүлүгүн" далилдейсиң.
Дагы бир - психотравма менен кайрылган жарандардын катарын жол кырсыгына кабылып, коркуп калгандар түзөт. Физикалык жактан жабыркабаса дагы, ошол кырсыктан кийин көпкө чейин уйкусун жоготуп, жүрөгү дүкүлдөп, коркунуч басып келишет. Мындай жагдайдагы адамдар нервди тынчтандыруучу, нервди бир калыпка алып келүүчү дары-дармектерден, дабагердин кеп-кеңешинен кийин өздөрүн жакшы сезип калышат.
Дегеле психикалык травма жөнүндө сөз кылганда, адам баласына келчү ар түрдүү стресстен качып кутула албайсың дечи, бирок, өзүбүздүн кө карашыбызды позитивдүү жакка буруп, адамдар менен мамилебизди оңдосок, капачылыктын аз болоору шексиз. Адам колдон келишинче алдыда келе турган коркунучтан сактанып жүрсө, өзүнүн ден соолугун аяса шону менен катар, белек адамдын ички дүйнөсүнө, жашоосуна кийлигише бербесе, кайгы-капа, көйгөйү азаят деген ойдомун.
Невроз ооруларынын белгилери ар түрдүүлүгү менен айырмаланат. Кээде андай белгилер психотикалык өзгөрүүлөргө окшоп кетет. Психотикалык өзгөрүүлөрдөн айырмасы - невроз ооруларында акыл-эстин деңгээлин бейтап сактап калат.
Ошондой белгилерге көңүл буралы:
а) Астеникалык синдром
Нервдин табигый чарчашынан келип чыккан мындай симптомокомплекс өтө көп кездешүүчү невроз оорусунун белгилери болуп эсептелет.
Байкап көрсөңүздөр, ушундай оору менен ооруган жарандардын алы кетип, жумушка жөндөмдүүлүгү начарлап, эске тутуусу азайып, бир нерсеге көңүл буруусу начарлайт. Мындай оорулуулар ашык үндөн, күндүн жарыгынан качып, эл менен көбүрөөк аралашпай калат.
Астеникалык үчилтикте (3 белгиде) кайгы тартып, кейикчил, урушчаак болуп калуу, ашык маалыматты көтөрө албоо байкалат. Анын үчүнчү белгиси - бул адамдын уйкусунун качышы. Мындай адамдар терең уктай албай, же болбосо, уйкудан эртерээк ойгонуп, уйкусу начарлайт.
б) Обсессиялык синдром
Бул - жабышма ой синдрому. Мындайды өз ара үчкө бөлүп кароого болот:
1. Интеллектуалдык жабышма ой - «обсессия».
2.Эмоционалдык жабышма ой. Муну «фобия», же коркунучтун пайда болушу деп эсептөөгө туура келет.
3. Кыймыл-аракеттеги жабышма ой.
Мындай адамдар бир орунда тура албай, коркунучтан ары-бери басып калышы ыктымал. Андан тышкары, дагы бир - акыл-эс «ой сагызы» деген белги кандайдыр бир жагымсыз ойлордон улам пайда болуп, адамдын мээсинен кетпей, кыйнай бериши менен түшүндүрүлөт. Ал эми жабышма ишенбөөчүлүк жасаган ишиңизди кайра-кайра текшерип: «эшикти жаптымбы?», «газды өчүрдүмбү?», «жарыкты өчүрдүмбү?» дегендей шектенүүчүлүккө байланууга аргасыз кылат.
в) Фобиялык синдром
Мындай синдром невроз ооруларынын 15%дан 45%га чейинкисин түзөт. Невротикалык фобия жабышма коркунучтун ар түрдүү белгилерин пайда кылат.
Буга да токтололу:
1.Азыркы мезгилде көп кездешүү коркунуч - «кардиофобия», же болбосо, «жүрөк оорусу менен ооруп калдым» деген санааркоо, же өзүнүн жүрөк оорусунун белгилерин издөө көбүнчөсү аялдарда кездешет.
2.Экинчи баскычта - "канцерофобия", же рак оорусу менен ооруп калуу коркунучу көп байкалып турат. Мында оорулууларөздөрүнөн ар түрдүү онкологиялык белгилерди издеп, заманбап аппараттык изилдөөлөрдөн көбүрөөк өтүп турушат.
3. «Лиссофобия» - мында «жинди болуп каламбы», «жинди боломбу» деген ой жарандардый мэсине орноп калышы мүмкүн.
Ушундай кеселдүүлөр, адатта, бүбү-бакшыларга кайрылып, ритуалдык ырым-жырымдарга көбүрөөк ишенет. Алар өздөрүнүн жан-дүйнө сырларын адис дабагер - психотерапевттерге ачпай, көбүнчөсү элдик медицинага кайрылышы мүмкүн.
Айтайын дегеним, ушундай жарандардын купуя көйгөйүн терең психологиялык талдоо, ички жан-дүйнөсүн кылдат түшүнө билүү менен гана чечип бере алабыз.
г) Ипохондриялык синдром
Бул жерде өзүнүн ден соолугуна адекватсыз карагандаржөнүндө сөз болот. Мындайча айтканда, ден соолугунан коркуп, жок ооруну кабыл алуу, бирөөнүн оорусун уккандан кийин ал жарандар белгилерди өзүнөн издеп кайгырганын байкайбыз.
Сенестопатиялык жагымсыз сезимдер, б.а. белгилүү бир ооруга мүнөздүү эмес дененин ысып кетүүсү, чымырап, кыбырап кетүүсү кээде оорулууну гана эмес, бул багытта иштеген дабагерди дагы ойлондуруп коюшу мүмкүн.
Бирок, оорулууну сурап келгенде, анын эмоционалдык фону, айткан сөзүнүн объективдүү эместиги, ар кыл ойго келбеген жагымсыз сезимдерди айтып даттанышы бул белгилердин субъективдүү экендигин тастыктайт.
д) Невротикалык депрессия
Көңүлдүн чөгүшү, же невроз ооруларындагы депрессия психогендик депрессиядан кескин түрдө айырмаланат. Анткени, невротикалык депрессия психогендик травма менен тыгыз байланышкан. Мындай абалга туш келгендер, адатта, өздөрүнүн кайгы-капасын өткөн стресстин уландысындай көрүшүп, эмнеден капа болгонун, көйгөйүнүн тереңдигин дааналап, тактап айта алышат. Акыл-эс, жалпы эмоционалдык мүнөздөмөсү психотравма менен гана чектелет.
е) Нервдин анорексиялык синдрому
Бул синдромду психосоматикалык белги катарында невроздун тамак сиңирүү органдарына тийгизген таасири деп кароого болот. Мында, «арыктайм» деп тамактанбоо адамдын өнөкөт арыктоосуна алып келип, кээ бир маалымат каражаттарынан көрүп жургөндөй, "кахексия" деп аталчу өтө арыктоого дуушар кылат.
Жашы пубертанттык же пубертанттыктан кийин деп аталчу - 14 жаштан 18 жашка чейинки кыздар оорушат. Бизге кайрылгандардын арасында 20 жаштан өткөн кыздар да бар.
Мындай кыздарды сураганда, «толуп кетемин» деп ичкен тамагын бара-бара азайта баштаганын байкайбыз. Алар көбүнчөсү эмоционалдык стресстин айынан - сабакка даярданууда же экзамен учурунда өздөрүнө көп көңүл бурушпай, арыктап кетишет. Кийин арыктаганды адатка айлантып алып, мындайча айтканда, аны «социалдык стандарт» катарында көрүп, салмак жоготуусун уланта беришет.
Ошентип, «арыктоо образына» биротоло кирип алганда, «кохексия» абалына чейин жетиши мүмкүн.
Бизге кайрылган оорулуу - Барчын 18 жашта, жогорку окуу жайынын студенти, ошол кыздын мисалын айтайын. Өтө арыктап, боюнун узундугу 161 см болсо да, салмагы 45 килограммга чейин түшүп, чечингенде "кахексиянын" биринчи белгилерин көрдүк.
Көңүлү чөгүңкү, "субдепрессия" абалында - уялчаак, аз сүйлөгөн, үнү анча бийик эмес оорулуу катарында келген.
Териси кургак, астеникалык типте, кыймылы аз, алы кетип, уйкусу начарлап, урушчаак болуп кеткен.
Өзүнүн айтуусуна караганда, "толуп кетемби" деген ойдо тамактануусун бара-бара азайта берген. Текшерип келгенде, соматикалык оорулар табылган эмес, гастриттин бир аз белгилери байкалган. Толуп кетүүдөн коркуп, колун оозуна салып кусууну да үйрөнүп алган. Эмоционалдык фону лабилдуу, тамак ичүү жөнүндө сүйлөшкөндө кызарып, психогендик каршылык реакциясы сезилип турат.
Психотерапиялык кеңештин негизинде комплекстүү дарылоодон кийин 5 килого чейин толуп, 1 жылдын ичинде 58 килограммга чейин жеткен. Оорусунун башталганын сурамжылоодо тамакты азайтканына 3 жыл болгону аныкталган.
Дарылоодон кийин кулк-мүнөзү өзгөрүп, көңүлү көтөрүлүп, бир калыпка келген, азыркы кезде окуусун ийгиликтүү улантып жатат.
Ушундай мисалдардан улам, невроз оорусу менен ооруган жарандарга бир эле психотерапевттин кеңеши эмес, тааныш-туугандарынын көңүл буруусу да зарыл экенине ынанабыз.
Канчалык жаныбыздагы адамдар, курбу-курдаштар, тааныш-туугандарыбыз жадырап-жайнап - көңүлү ачык болсо, өзүбүздүн да психологиялык абалыбыз жакшы боло турганын унутпашыбыз керек, - дейт Темирбек Бекбоев.
Эсиңиздерге сала кетсек, Темирбек Бекбоев тамыр кармап, диогноздорду аныктайт. Алтын ийне сайып, лазер терапиясы, ички органдардын сезгениши, нерв оорулары, муун жана омуртка, айыкпаган жараттарды, жыныстык, башка илдеттерди сакайтат.
Байланыш номери: 0703 57 81 77