www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кылмыш чөйрөсүнүн лидерлеринин бири Камчы Көлбаевдин өлүмү боюнча "Кабар" агенттиги өлкө башчысы Садыр Жапаров менен кенен маек куруп, суроолоруна жооп алды.

– Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы “мыйзамдагы ууру” аталган кылмыш чөйрөсүнүн лидерлеринин бири Камчы Көлбаевди “жок кылуу чечимин өзү кабыл алганын” билдирди. Ушул операция боюнча сизде маалымат бар беле, чынында эле кандай болду эле?

– Бул боюнча ал жогорку окуу жайлардын мугалимдери менен болгон жолугушуусунда сүйлөп жатып айтканын көрдүм. Билдирүүнүн видеосун көрсөңүздөр, ал орус тилинде сүйлөп атып айткан. Орус тили анын эне тили болбогондуктан, оюн жеткиликсиз айтып алды.

Ал эми жогоруда айтылган окуяга келсек, чындыгында эле ошол күнү маалымат түшөөрү менен, ошол кездеги Башкы прокурорго чалып: “Окуя болгон жерге тез арада барып, дыкат карап мага ыкчам маалымат бериңиз”, - дегем. Ал окуя болгон жерге аскер прокурору жана тиешелүү кызматкерлери менен барып, жеринде текшеришип, “Камчы Көлбаевди кармоого аракет кылышканда, ал тараптан, анын жан сакчылары тараптан куралдуу каршылык болгон. Атайын кызматтын аскерлери өз өмүрлөрүн сактоо үчүн каршы ок чыгарууга мажбур болушкан, натыйжада кылмышка шектүү ошондон улам каза болуптур” деп маалымат берген.

Башкача айтканда, кызматкерлер өздөрүнө берилген ыйгарым укуктардын, мыйзамдардын чегинен чыгышкан эмес. Кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мыйзам жана инструкция бар. Ушул мыйзамдар иштеген. Бул мыйзамдар эч кимдин буйругусуз аткарылат. Камчыбек Кыдыршаевич ушул жөнүндө орусча сүйлөп жатып толук жеткире айта албай калган. Бул мыйзам баардык өлкөлөрдө колдонулат. Бул - дүйнөлүк практика.

Кылмышка шектүүлөр куралдуу каршылык көрсөтүп атса, биз кылмыштуулукка каршы күрөшүп келген аскерлерибиздин өмүрүн тобокелге сала албайбыз да. Андыктан бул жакта эки ача пикир болушу мүмкүн эмес.

 

Последние новости