www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыз эмес экендигимди чоңойгондо түшүндүм. Керек болсо кыздык эмне экенин өзүм билбей калганым жүрөгүмдү оорутат. Бул жөнүндө эч кимге айта албайм. Апам укса жүрөгү кармап калабы деп корком.
Азыркы учурда сүйлөшкөн жигитим бар. Бири-бирибизди аябай жакшы көрөбүз. Буйруса 1 жыл ичинде үйлөнөбүз деген ниетибиз бар. Бирок, ал үчүн кыздык белги өтө маанилүү. "Сага ала качып болсо да үйлөнөм" дейт. Чынын айтсам менден баш тартышы мүмкүн.
Эмне кылсам болот? Ойлоно берип сыгылып кеттим. Бөлөмдүн айыбы үчүн өмүр бою азап тартып каламбы?
Ширин Амантурова Психолог
Кымбаттуум, бөлөңүз кичинекей болгондугуңузду пайдаланып зордуктап койгондугу үчүн өзүңүздү күнөөлөбөңүз. Убакытты артка кайрып келе албайсыз. Өкүнгөнүңүз менен пайда жок. Келечегиңиз алдыда.
Жигитиңиз чындап сүйсө ачуу чындыкты кабыл алат. Кыздык белги менен эле мамиле токтоп калса, ал адам сиз менен кийинки жашоосун көрө албайт.
Турмуш куруу - бул жашоодогу эң чоң жоопкерчилик. Кыздык намыс менен эмес, баш кошуп жаткан эки адамдын чыдамкайлык, кечиримдүүлүк сапаттарынан үй-бүлө жаралат.
Психологиялык жаратыңызды психолог менен бөлүшүп, таарынычты, жек көрүүнү жок кылышыңыз керек.
Келечегиңизди позитивдүү көз карашта карап, жашоонун жакшы жактарын көрө билсеңиз баары ордуна келет. Бактылуу болуңуз!
Булак: "Билесиңби"