www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда экспорт үчүн өндүрүлгөн материалдарды Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанга алып бара туган 82 контейнерден турган 940 метрдик поезд Карстан Грузияга карай жолго чыкты. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Измир, Адана, Мерсин, Кожаели жана Күтахияда экспорт үчүн өндүрүлгөн материалдарды ташыган поезд 82 контейнерден турат.

940 метр узундуктагы поезд Баку  - Тбилиси  -  Карс жолунда ушул кезге чейин иштетилген эң узун поезд болуу өзгөчөлүгүнө ээ.

Карстан жолго чыккан поезд биринчи аялдамасы Грузияга карай жолго чыкты. Жол боюнча башка өлкөлөргө да жүктөрүн тарката турган поезд 9 күндөн кийин Өзбекстанга барат. 9 күндүн ичинде бардык жүктөрдү жеткирген болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости