www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында абаны булгаган унаа «А Банк» мекемесине таандык экени аныкталып, ага 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалык интернет булактарында тараган абаны булгаган унаа тууралуу маалыматты карап чыгып, тиешелүү текшерүү жүргүзгөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгында унаа «А Банкка» таандык экени аныкталган.
Факты боюнча «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык, мекемеге 23 миң сом айып пул салынды.
Мындан тышкары, унаадан аныкталган кемчиликтерди тез арада жоюу жана экологиялык талаптарды сактоо боюнча эскертүү берилди.