www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

24-сентябрда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев министрликтин жамаатына жаңы жетекчилерди тааныштырды.

Анын ичинде Жыргалбек Медетканов министрдин орун басары, Санжар Маткулов Инженердик изилдөөлөр департаментинин директору, ал эми Ислан Момоканов Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директору болуп дайындалды.

Жыргалбек Медетканов буга чейин Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директору болуп иштеген.

Санжар Маткулов министрликтин Курулуш башкармалыгын жетектеген.

Ислан Момоканов буга чейин Инженердик изилдөөлөр департаментинин директору кызматын аркалап келген.

Министр Нурдан Орунтаев жаңы дайындалган жетекчилерди куттуктап, кызматтык ишмердигине ийгилик каалады.

Ошондой эле министр жетекчилерге жүктөлгөн милдеттерди сапаттуу жана өз убагында аткаруу, ишти уюштурууда жоопкерчиликтүү мамиле кылуу жана министрликтин алдына коюлган милдеттерди белгиленген мөөнөттө ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.

Последние новости