www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

VI бөлүм

Акаевдин сөзү-аска көргөн эчкидей, шаар көргөн кыздай» дегендей. Москваны көрүп, СССР Жогорку Советиндеги Прибалтика региондорунун, башка эркин, демократ, окумуштуу депутаттардын, Горбачевдун саясатына каршы турган оппозиционер, радикал депутаттардын, ошону менен бирге тил алчаак, чыныгы коммунист депутаттардын арасында жүрүп үйрөнгөн, такшалган, дегеле өзүнүн да дээринде бар илимпоз, интеллигент депутат катары, юридикалык жактан да, саясий жактан да республикалык деңгээлдеги өзүнүн коллегаларына калыс сөздөрү менен туура жолду, багытты көрсөткөн сөз болгон. Бирок анын сөзүн эске алган депутаттар болгон жок. Айырмалары асман менен жердей. Конституциядагы өзгөртүүлөр, жаны нукка талкуулагандын ордуна терага А.Масалиев: Жолдош Эркебаев мени бир аз айыптап кетти... (Залдан сүйлөгөн К.Акматов менен полемикага барат - А.Б.)

Мен түшүнбөй жатам, анда башаламандык болот да. Баарын кайталашым керекпи? Горбачевдун жанында биз көрүп жүрбөйбүзбү... Сизге караганда биз жакыныраак көрүп жүрбөйбүзбү, жолдош Акматов. Сиз дегеле баарын эле биле турган киши экенсиз да... Эми биз да жен эле жүргөн жерибиз жок да... Жолдош Акматов, эми сизге эч нерсе жакпайт экен... Элди кичине урматтайлы, убакытты албайлы...

Кээ бириңер президент керек дейсиңер, экинчилери, кереги жок дейт. Биз ушуну ортого салып туруп, президентти тим эле коюп, ошонун анча-мынча укуктарын председателге берип, азырынча бир кадам коюп, азыр аны токтотсок деген чечимге келбедикпи?

Президенттин полномочиесин жогорку Советке берүү үчүн биздин жолдоштор чоң юристтер менен сүйлөштү. СССР Жогорку Советине барып, адистер менен сүйлөшүп келдик. Баары карап чыгышты, муну туура деп табышты. Советтик курулушка ушул жанылык катары кошуп жатышат... Долбоордо эки статья бар, 6-, 7-статьяны мындай кылып жазыш керек, андай кылып жазыш керек деп айтып жатасыңар. Эми мындай кылалы, жолдош Эркебаевдин жана башкалардын сунушу кабыл алынсын. Бул жобону ошол статьялар өзгөрүлсүн деген депутаттар кол көтөрсүн. Алты киши, түшүрүңүздөр. Ким калыс, каршы... көпчүлүк болду (аталган стенографиялык отчет, 162-163-бб.).

Ушул жерде тактап кетчү нерсе, стенографиялык отчетто А.Эркебаев кандай сунуш айтканы жок. Масалиев дагы Эркебаев мындай деген сунушту киргизди деп так айтпай эле, Эркебаев ж.б. сунушу кабыл алынсын дегендер деп колго салган.

Депутат М.Эсеналиев: - Суверендик мамлекет болуп, федерациянын жаны системасы иштелип чыгып жаткандан кийин, эртеби-кечпи президенттик бийликке барабыз деп ойлоп жатам... Себеби биздин кошуна, жанаша республикаларда ушундай болуп жатат. Өзбекстанда шайланды. Казакстанда болсо кечээ шайлоо өткөрүү боюнча 20-апрелге чейин референдум жарыяланыптыр...

Президенттик болгондо эмне болот? Советтер Союзунда жаңы республика эмеспиз. Казакстан, Өзбекстан менен тарыхый тагдырыбыз бирдей... Эми, мисалы буларда преидент болсо, Абсамат Масалиевдин абалы кандай болуп калат... Көп маселелер борбор менен чечилет... Горбачевго барып... Казакстандын, Өзбекстандын президенттери туруп калса, анан Абсамат Масалиевич туруп калса, биринчи иретте президенттерди кабыл алат, экинчи иретте Абсамат Масалиевди кабыл алып сүйлөшүп, анан айтышы мүмкүн, эми сиз Лукьяновго барыңыз (Лукьянов СССР Жогорку Советинин төрагасы-А.Б.) маселеңизди ошол жерден чечиңиз деп коёт. Президенттик бийликти киргизүү жөнүндө референдум өткөрсөк деген ойдомун. Эмки сессияда ушул маселени чечсек (стенографиялык отчет, 166-б.).

Урматтуу окурман, стенографиялык отчеттогу ушул жөнөкөй, жалпак тил менен факт, далилдерди айтып «жаңылык киргизип жатам же демократмын» деп акылдуусунбай, партократ терага Масалиевдин ачуусун келтирбей, аны ойлонуп көрөлү дегенге жеткирген депутат Эсеналиевдин сөзүн атайын белгилеп кеттим. Анткени депутат Эсена лиевдин сөзүнөн кийин А.Масалиев: «Бул маселени ойлонуп көрөлү Жолдоштор» деп айткан. Дагы бир топ депутаттар сүйлөгөндөн кийин. Конституцияга киргизилип жаткан долбоор добушка коюлуп, 14 каршы, 1 калыс, калганы макул болуп кабыл алынат (стенография лык отчет. 169-б.).

Мына ошентип 70 жылдык Компартиянын Конституциялык деүгээлдеги багыттоочу жана жетектөөчү ролу расмий түрдө А.Масалиевдин төрагалыгында. Компартиянын өзүнүн сунушу менен алынган. Муну кыргыз демократтары сунуш кылган эмес. Муну окурмандар так билип жүрүүсү керек.

Андан соң кыргыз ССР Жогорку Советинин туруктуу комиссияларын жана анын мүчөлөрүн, өкмөтүнүн курамы жана анын мүчөлөрү бекитилет. Негизинен, ураа-ураа менен эле өтөт.

Өкмөттүн курамы төмөндөгүдөй түзүлөт: Кыргыз ССР Министрлер совети 36 кишиден, анын президиуму 10 кишиден болот. Министрлер советинин персоналдык курамы: төрага, анын эки биринчи орун басары (М.Асеинов, Y.Сыдыков), беш орун басары (Ж.Түмөнбаева, А.Иордан, Ян Фишер, С.Бегалдиев, Х.Дадабаев), 14 министрлик, 10 комитет, 2 портфели жок министр, бир иш башкаруучу.

Ал эми 12-чакырылыштагы жаңы Жогорку Кеңеш же Кыргызстандын жаңы бийлиги төмөнкүдөй түзүлөт:

Жогорку Советтин төрагасы болуп Кыргызстан Компартиясынын биринчи катчысы А.Масалиев, анын биринчи орун басары болуп Р.Кульматов, орун басары болуп М.Ловинов шайланышканын жогоруда айттык (БМА. Ф. № 1445. ОП. №17. Д. № 2323. 152-153, 160-6.).

Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин туруктуу комиссиялары төмөндөгүдөй түзүлөт: мандаттык комиссия-терагасы Турганов К.; пландоо. каржы, бюджет боюнча комиссия төрагасы А.Артыков; азык-түлүк, айыл чарба комиссиясы курулуш комиссиясы төрагасы О. Исаев; архитектура жана курулуш комиссиясы - төрагасы А. Кожомкулов: ден-соолук, эмгек, үй-бүлө, балалык боюнча туруктуу комиссиясы - төрагасы С.Иманбаев; тилди, каада-салтты, мурастарды өнүктүрүү боюнча комиссия - төрагасы Т.Касымбеков; мыйзам чыгаруу жана мыйзамдуулук боюнча комиссия – төрагасы Ч.Баекова; маданият, билим берүү, спорт, туризм боюнча комиссия торагасы Ж.Сааданбеков; эл депутаттарынын советтери, өзүн-өзү башкаруу маалымдуулукту өнүктүрүү боюнча комиссия төрагасы О.Шаршенов; жаштардын иштери боюнча комис комиссия терагасы Т.Табылдиев; илим, өнөр жай, энергетиканы, технологияны ж.б. өнүктүрүү боюнча комиссия - төрагасы И.Айтматов; укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү маселелери боюнча комиссия терагасы Б.Ишимов(БМА. Ф. 1445. ОП М17. Д. М2323. 171, 189-190-6.)

Жогоруда аталган жана аталбаган туруктуу комиссиялар жаңы Жогорку Советтин түзүмүн түзгөн. Окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн Кыргыз ССРинин Конституциясынын 6. 7- жана 49-статьялары төмсөндөгүдөй редакцияларда өзгөртүлөт: «6-статья. «Кыргызстан комкомсомолдук ж.б. коомдук мунисттик партиясы, профсоюздук, комсомолдук ж.б. саясий уюмдар, массалык кыймылдар, мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга, мамлекеттик жана коомдук иштерди башкарууга, эл депутаттарынын советтерине шайланышкан өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу ж.б. формаларда катышат».

7 статья. «Коммунисттик партия, бардык коомдук саясий ж.б. коом koмдук уюмдар, массалык кыймылдар, өздөрүнүн программаларында жана уставдарында каралган милдеттерди аткарууда Кыргыз ССРинин Конституциясынын жана закондорунун чектеринде аракеттенишет. Советтик Конституциялык түзүлүштү, СССРдин жана Кыргыз ССРинин бүтүндүгүн зордук менен өзгөртүү, алардын коопсуздугун бузуу, социалдык, улуттук жана диний тутандыруу максатын көздөгөн коомдук саясий ж.б. коомдук уюмдарды жана кыймылдарды түзүүгө жана алардын ишине жол берилбейт». 49 статья.

«Кыргыз ССРиния граждандары Кыргызстан коммунисттик партиясы, башка коомдук саясий ж.б. коомдук уюмдарга биригүүгө, алардын коомдук активдүүлүгүн жана өз демилгелүүлүгүн өнүктүрүүгө, ар кыл таламдарын канааттандырууга көмөк көрсөтүүчү масса массалык кыймылдарга катышууга укуктуу. Коомдук уюмдардын уставдарында көрсөтүлгөн милдеттерди ийгиликтүү аткаруу үчүн шарттар гарантияланат» (БМА. Ф. №1445. ОП. 17. Д. № 2324. 160-161-6.).

Урматтуу окурман, 1990-жылдын 9-14-апрелдеринде өткөрүлгөн 12-чакырылыштагы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаттарынын биринчи сессиясында жогоруда айтылгандай маселелер каралып, Компартиянын жетекчилик жана багыттоочу ролу Конституциялык деңгээлде алынып, өлкөдө бийлик жүргүзүү толугу менен Жогорку Советтин ыйгарым укугу болуп бекитилет. Мына ушундан кийин областтардагы, райондордогу, шаарлардагы биринчи катчылар облсоветтин, райсоветтин, шаар советтеринин төрагасы болуу процесстери башталат. Бийлик советтерге өтөт.

А.Масалиев Жогорку Советтин төрагасы, Жогорку Советтеги башкаруучу партиянын лидери катары Конституциялык деңгээлде мамлекет башчысынын укуктарын алган биринчи мамлекет башчысы.

Уландысы бар...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости