www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Аалам” партиясы кезектеги адамдарга болгон боорукердигин жана жаратмандыгын  көрсөтүп аталган партиянын мүчөсү Юнкидинт Константиндин туулган күнүн белгилешти.

Ушул да жаңылыкпы?-дебеңиз.

“Константинди баардык достору Костя дешет. Костя абдан боорукер, адамгерчилиги бийик, таланттуу жигит. Мүмкүнчүлүгү чектелсе дагы, жашоонун эң бир ыйык, кайталангыс, тирүүлүктүн улуулугун баалап келет. Костяны бир эле, "Аалам" партиянын мүчөлөрү эле эмес, башка коноктор да куттукташты. Ажайып кооз көркөм өнөрү бар  Алексей аттуу сүрөтчүнүн өздүк  музей үйүндө өткөрдүк.  Албетте "Аалам" саясый партиясына арнап чыгарган Костянын ырын ырдадык. Костянын ар бир сөздөрүн угуп олтуруп, көзүмө жаш алдым. Аттиң, алты саны аман адамдар дагы Костядай жашоонун таттуулугун жана баалуулугун сезсе”, - дейт, мурдагы депутат Жылдызкан Жолдошева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости