www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Аалы Карашев Конституциянын парламент коомдук талкууга чыгарган жаңы долбоорун иштеп чыгууга тиешеси жок экенин айтууда. Мындай маалыматты жергиликтүү басылмалардын бири жазып чыкты.
"Мен демилгечиси да, автору да эмесмин. Конституцияны жазууга мен аралашкан эмесмин. Тизмеде турам, бирок мен «конституциялык реформа керек, референдум аркылуу кабыл алынсын» дегенге кол койгом. Конституциянын жаңы долбоорун мен көргөн да, ага кол койгон да жокмун"- деп айткан өз сөзүндө Карашев.
Эске салсак, буга чейин 4 депутат жаңы Конституцияга эч тиешеси жок экенин айтып чыгышкан. Алардын айтымында, кол койгон кагаздар референдум өткөрүү үчүн коюлган колдор,болбосо, Конституцияны алмаштыруу же ага өзгөртүү киргизүү тууралуу эч кандай долбоор тууралуу кабарлары болбогонун айтышат.
Булак: NazarNews.kg