www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамдын долбоору каралып жатат.

Депутат Аалы Карашев көзгө көрүнүктүү программалар жок экенидигин билдирди.

Анын айтымына караганда, ич жылый турган бир дагы реалдуу программа жок.  

“Мен бул программадан соттордун  көз карандысыздыгын, айлык акысын көтөрүшүбүз  керек деген гана нормаларды көрүп атам. Жөнөкөй, катардагы жарандардын укугун кантип коргойбуз. Бул жөнүнүдө бир дагы система жок. Укук бузууларды алдын алууда кандай иштерди алып барышыбыз керек, чечим кабыл алып атканда аша чаап кетпегидей кандай бөгөттөрдү коё алабыз. Сот чечимдерине саясаттын килигишүүсүнүн болбошуна кандай чараларды көрө алабыз. Мен ойлоп жатам, соттор программаны өзүдөрү үчүн түзүп алган деп. Бир дагы реалдуу механизмдерди көрө алган жокмун. Кур сөз болуп атат. ”,- деди Карашев.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости