www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аалы Карашев: “Жөн эле страховой компанияларды кормитетип отурабызбы? 1 млрд сомду жеп отурат”Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрөгасынын орун басары Мыктыбек Абиров депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, биздин мамлекеттеги мүлктү камсыздандыруу компаниялары 1 млрд. 300 млн. сом чогултканын билдирди.

Ал эми бир жыл ичинде мүлкүн камсыздандырган адамдардын керектөөсүнө 200 млн. сом төлөнүп берилген.

Депутат Аалы Карашев бул тармакта иш алсыз жүрүп жатканын айтты:

“Дүйнө жүзүндө бул абдан өнүккөн. Бир жарым млрд. сомго жакын акча чогулуптур. Ошонун пайдасын эл көрдүбү? Мен бир да жолу уга элекмин, “камсыздандыруу компаниясы келип төлөп берди” дегенди. Кырсыктар көп эле болуп жатат...Же жөн эле страховой компанияларды кормитетип отурабызбы”,-дейт депутат.

Ошондой эле, депутат 17 камсыздандыруу компаниянын ичинен бирөөсү мамлекеттик болсо, 16 компания 1 млрд сомду жеп отурганын айтты.

Кыргызстанда мүлктү камсыздандыруу боюнча 17 компания иштейт. Алардын бирөө мамлекетке таандык. Депутаттар “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамды эки жылга – 2021-жылга чейин жылдырууну сунуш киргизип, өкмөт аны колдогон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости