www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөнү оңдош үчүн сөзсүз эле депутат болуш керек эмес экенин, айылда жашап саясатты көзөмөлдөп койууга болоорун бул киши далилдеди. Бул туурасында төкмө акын Аалы Туткучев саяпкер Замирбек Мукашевге жакшы сөз арнап, Фейсбук баракчасына жазды.

"Замирбек Мукашев.
Өлкөнү оңдош үчүн сөзсүз эле депутат болуш керек эмес экенин, айылда жашап саясатты көзөмөлдөп койууга болоорун бул киши далилдеди. Атка мине албагандар «Мен аттандым»-деп өзүн таанытып жатканда, бул киши эчак эле атка минип, башка өлкөлөргө өзүн эмес өлкөсүн таанытып койгон. Айыл чарбага, маданиятка, агартууга кошкон салымын өзү таптаган жорголору да көтөрө албаса керек. Көлдөн үйрөнгөн көлдөй мүнөзү жандүйнөсүнүн көлдөй терең экенин айтып турат.

Патрон, Барон, Палач сыяктуу жорголорду жолго салып, мээнетин өзү тартып, дөөлөтүн элге тарткан инсан. Аттын баркына жеткен адам элдин баркына жетпей коймок беле? Элиңиз менен эсен болуңуз! Сыймыктанабыз!" -деп жазган Аалы Туткучев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости