www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жумурай журтка аттын кашкасындай таанымал, ак таңдай акын Аалы Туткучев “голубойлорду” тарыхтан кездештирбегенин  айтып, шиш така кийген бачабаздарды катуу сындады.

“Арабыздагы бир батыштан акча алган,  башсыздын ишин аткарган, эки-үч бузуку саясатчынын кээ бир бузукулук кылып аткан иштерине аралашып, ээрчип анын аркасы менен агып кетишибиз уяттуурак нерсе. “Голубойлор” жөнүндө деген, “гомосексуализм” деген сөздү же бир ушундай окуяны тарыхтан кездештире алган эмеспиз.  Биздин ата-бабаларыбыз кандай болгон. Манас баатыр атабыз 12 жашында хан болгон. Дүйнөнүн элдеринин тарыхында балким 12 жашында хан болгон ата-бабаларында жок чыгаар. Курманжан датка энебиз өзүнүн уулун "өлүмгө тике кара, өлкөңдүн тынчтыгы үчүн” деген энелерибиз чыккан. Биздин мекенибизге жоо каптап келе турган болсо, же башыбызга мүшкүл иш түшө турган болсо, ошол чыныгы ат үстүндө шамал менен кошо ойногон жигиттерибиз бизди  коргойт. Шиш така кийген оозу-мурдун боёгон бачабаздар бизди коргобойт”,-деди төкмө акын Аалы Туткучев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости