www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкованы социалдык тармактарда "элди бөлүп-жара турган сөз сүйлөдү" деп каралагандар көбөйгөн. Буга карата маданяиттын уулу  адамдары бул нерсени терең түшүнүп, чындыкты кабыл алуу керек деген прикирлерин айтышууда.

Төкмө акын Аалы Туткучев Саламат Садыкованы жогору баалаганын билдирип, жаштарды жаман сөз айтпоого үндөдү.

«Бала кездин ар бир таңында Саламат Садыкова эженин “Ала-Тоо” ыры жаңырып мектепке ойготоор эле. Уйкудан гана ойготпой, сезимди да ойготууга салымы зор. Ал учурда айрымдарыбыз нанды “Нана”, этти “быпый” деп жүрсөк керек. Айткан ушакчы эмес, тараткан ушакчы. Кооз өскөн гүлдүн жанында тезек жаткандай эле, жакшынын жанында жамандар да жүрөт. Тар чөйрөдө тамаша катары нелер гана айтылбайт. Аны элге таратуу карамүртөздүн кылган иши. Жаман сөз айтпагыла жаштар.

Ал эми, менин илгери бир ырдаган ырымды колдонуп чабыштырып жаткандар этияттагыла. Элибизде ынтымак болсун!» - деп жазат Аалы Туткучев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости