www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аалымдар кеңеши турак жай кооперативи жөнүндө фатва чыгарды

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши коммерциялык эмес турак жай кооперативи аркылуу үй же унаа алууга байланыштуу фатва (шариятка ылайык чечим) чыгарды.

Анда мындай жол менен турак жай алуудагы келишимде "сүткорлук же сүткорлуктун элементтери, келечекте талаптардын талаш-тартышын жарата турган жагдайлар болбош керектиги" жазылган. Ошондой эле, келишимдин мөөнөтү, заттын түрү жана сапаты, баасы так болуу зарылдыгы белгиленген.

“Кардар төлөмдү кечиктирген учурда төлөнүүчү жаза пул кооперативдин мүлкүнө берилбеши шарт; кооперативдин аманатты кайтарып берүү мүмкүнчүлүгү бар экенине мамлекеттин кепилдиги болушу шарт. Аталган шарттардын бири же бир нечеси болбогон учурда коммерциалык эмес турак жай кооперативи аркылуу турак жай же унаа сатып алуу шариятка туура келбейт, тыйылат”, деп айтылат фатвада.

Кыргызстанда акыркы жылдары турак жай кооперативдери деп аталган уюмдар көбөйдү. Аларга, негизинен, үй-жайга, унаага муктаж, бирок сатып алуу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана чет элде эмгек миграциясында жүргөндөр көп кайрылат.

Эске салсак, буга чейин Улуттук банк жарандарга турак жай кооперативи сыяктуу күмөндүү уюмдар активдешкенин эскерткен. Ошондой эле, каржы пирамидасынын белгилери бар экенин айтып, жарандарды этият болууга, бардык документтерди дыкат текшерип, мамлекеттик органдардын маалыматтары менен салыштырууга, алар жасалма эместигин аныктоого чакырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости