www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандагы январь окуяларынан кийин кармалгандардын ичинен алты адам убактылуу кармоочу жайда каза болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан билдирди.

Башкы прокуратуранын атайын прокурорлор кызматынын жетекчиси Ризабек Ожаров "Казакстандын чындыгы" гезитине берген интервьюсунда учурда Башкы прокуратура тергөөнүн мыйзамсыз ыкмаларын колдонуу факты боюнча козголгон кылмыш иши үстундө иштеп жатканын айткан. "Буга чейин бул иликтөөнү Коррупцияга каршы кызматы жүргүзүп жаткан. Бизге бардык иш өткөрүлүп берилген жок. Болгону кармалгандардын өлүмү катталган жерлер боюнча иштер өттү", — деген Ожаров.

Анын айтымында, эки адам Алматыдагы убактылуу кармоочу жайда кайтыш болсо, үчөө Чыгыш Казакстан облусунда, ал эми бирөө Талды-Коргондо каза болгон. "Мындан тышкары, биз кыйноо боюнча резонанс жараткан ишти да алдык. Тагыраагы, Талды-Коргондун тургундарынын бирине карата ысык үтүк колдонуп кыйноо көрсөткөн иш. Ал киши азыркыга чейин тергөө абагында", — деген Ожаров. Ал иликтөө уланып жатат.

Эске салсак, Казакстандын түштүк-батышында газдын кымбаттап кетишинен улам жыл жаңырары менен нааразычылык акциялары башталып, ал башаламандыкка айланып кеткен. Кийин Алматыда митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышып, 220дан ашык адам курман болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости