www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аалымдар кеңешинин төрагасы алмашты

Бүгүн, 16-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы алмашты. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аалымдар кеңешинин төрагасы Көчкөнбай ажы Садиллаев ден соолугуна байланыштуу кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазган. Аалымдар кеңеши анын арызын канааттандырып, бир добуш менен Масалиев Абдиманап Маликовичти Аалымдар кеңешинин төрагасы кызматына шайлады.

Абдиманап Масалиев 1965-жылы Баткен шаарында жарык дүйнөгө келген.

Белгилей кетсек, 1991-1994-жылдары Ташкенттеги «Абдулкосим» медресесинде эмгек жолун баштаган. 1994-1996-жылдары Сокулук районундагы Сокулук жана Шалта айылдарында жаштарга дин боюнча сабак берип, Куран окууну үйрөткөн. 

2007-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарындагы Туңгуч кичи районунун мечитинин имамы болуп иштеп келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости