www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Молдомуса Ташболотович! Жаның бейиштик болсун. Аттиң, айта турган сөз көп эле...
Кесибин чын дилинен сүйүп, берилип, башкаларчылап багытын буруу турмак, мойнуна сыйыртмак салынып турган кезде да пикиринен тайбай, кайратынан жанбаган намыска бек инсан болчу.
Калк камында иштегенди өтө жактырчу. Жолдун алыстыгы, жагдайдын катаалдыгы Молдомусаны оңой менен моюн сундурбайт болчу.
Жараткан бул жигитке тубаса генералдык мүнөздү энчилегендей, тез бирок так, таамай чечим чыгараар эле.
Кайран жигит, айрым кара мүртөз пейилибизденби, кай бирлердин ичи тарлыгынанбы же көрөгөч, чапчаң адамдан корккондуктанбы, айтор, акыркы мезгилде мамлекеттик кызматка коюудан качтык.
Жетик интеллектин, күчтүү дипломатиялык дараметин пайдаланып кала албадык. Мыкты инсанды кармап кала албадык. Мезгилинде Конгантиевдин кыргыз-өзбек, кыргыз - тажик чек арасынан өтүп баратканын алдыртан күтүп, тажик, өзбек туугандар сыйлап узатып турушканын элдин оозунан далай ирет угуп жүрчүбүз.
Аттиң дүйнө, айла жок, Молдомуса Ташболотович элдин эсинде чыныгы генерал-лейтенант катары эскерип жүрөөр арманга айланды. Кош иним, жаш элең, пайгамбар жашында акка моюн сунаарыңды билдиң бекен.
Биз ийиндеш иштеп, көп жакшы-жаман күндөрдү бирге баштан кечирдик. Моюн сунбашка арга барбы, сүйүүгө бекем ак куулар жалгыз жашабайт дейт, балким жубайыңды жалгыздаткың келбегендир, акыретин абад болсун, калган өмүрүңдү уул-кыздарыңа берсин.
Сен бүтүрбөгөн иштерге, сен жетпеген максатка балдарың жетсин. Кош, кайран генералым!!!
Курманбек Бакиев, Кыргызстандын мурдагы президенти