www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аба ырайы кескин өзгөрөт

2017-жылдын 16-майы күнү күндүзү жана 17-19-майларда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу  ӨКМ басма сөз кызматы билдирди. 

Алардын берген маалыматына караганда. 2017-жылдын 16-майы күнү күндүзү жана 17-19-майларда туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, 17-18-майларда айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт. 17-18-майларда абанын күндүзгү температурасы абдан төмөндөп: Чүй, Талас Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында 18…23°, тоо этектеринде жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 13…18°, тоолуу райондордо 0…5° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…-5° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Последние новости