www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик шайлоодо бийликтин негизги оппоненти болгон Адахан Мадумаровго Атамбаев бийлиги эч кандай “айла” таппай келаткан. Анткени Адахан мырза ар кандай коррупциялык иштерден алыс болуп, мыйзам чегинде иш жүргүзөрү белгилүү.

Мына ушул Адахан Мадумаровду абакта жаткан Мелис Аспеков сотко бериптир. Адахан мырза сотко берүүнүн себеби эмне экенин билбестигин 30-мартта  билдирди.

Мелис Аспековдун адвокатынын айтымында, Адахан Мадумаров жана Өмүрбек Бабанов ал жөнүндө туура эмес маалымат тараткан деп сотко кайрылган. Бул тууралуу  “Вести.кж” сайты маалымдады.

Абакта жаткан Аспеков бийлик менен соодалашып, Мадумаровду “буттан чалуу” максатында сотко кайрылып жатат деген шекшүү дароо пайда болот. Анткени Атамбаев өзүнө жакпаган саясатчы, журналисттерди соттун колу менен жаагын жабууга өтүп алганы белгилүү…

Булак: Элньюс

Последние новости