www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абактагы Мелис Аспековго дагы бир күнөө коюлүуда

Бүгүн, 20-январда, Биринчи май райондук сотунда судья Марат Сыдыковдун төрагалыгы астында Мелис Аспековго козголгон кылмыш ишин кароо уланууда. Аспеков «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар опузалаган деп айыпталууда.

Судья Аспековго жаңы кылмыш иши козголгонун, анын материалдары сотко келип түшкөнүн, ошондуктан кылмыш иштери бириктирилгенин жарыялады.

Мамлекеттик айыптоочу билдиргендей, Аспеков 2016-жылы түрмөдө отурганда Салтыханов менен таанышкан. Аспеков Салтыхановго өзүнүн байланыштарын колдонуп эркиндикке чыгарууга жардам берүүнү сунуштаган.

«Салтыханов сунушка макул болуп, Аспековду кайын атасы Кажимуратов менен байланыштырган. Аспеков жардамы үчүн 10 миң доллар сураган. 15-сентябрда Аспековго аталган сумма берилген. Бирок Аспеков дагы 5 миң доллар сураган. Андан кийин Аспеков ага берилген акча жетпей турганын айткан. Кажимуратов аргасыздан Кара-Балта шаарындагы батирди берген. Аспеков ал батирди Мусаевге каттаган жана ал батир үчүнчү тарапка сатылып кеткен. Ошол кезде батирдин орточо баасы 1 млн 729 миң сом болчу. Кажимуратов Салтыхановду эркиндикке чыгаруу боюнча аракет көрүлбөгөнүн билип, Аспековдон берилген акчаларды кайтарып берүүнү талап кылып баштаган. Бирок Аспеков баш тарткан. Салтыханов 2020-жылы 3-февралда мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулган.

Аспеков Жазык кодексинин (эски редакция) 204-беренесинин (алдамчылык) 3-бөлүгү менен айыпталууда», - деди мамлекеттик айыптоочу.

Ал эми Аспеков ага коюлган айыпты мойнуна алган жок.

«Мындай болушу мүмкүн эмес. Мага 2 иш пайда болду деп айтышкан, анткени мен Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө бербей койгом. Бирок мен Жапыкеевге каршы көрсөтмө бере албайм, анткени ага каршы эч нерсе жок», - деди Аспеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости