www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Asia Mall соода борборунда бомба коюлганбы?

Бишкектеги Asia Mall соода борборунда бомба коюлду деген маалыматтан улам ичиндеги жарандардын баары сыртка чыгарылып, машине токтотуучу жайы бошотулду. "Азаттыктын" кабарчыларынын маалымдашынча, милиция имараттын жака-белин курчоого алып, соода жайы бүгүн иштебей турганын айтып, элди таратып жатат. Текшерүү уланууда.

“Телефон террорчусу” экени сотто такталган адам үч жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Кылмыштын мындай түрүнө барган адамдар колго түшүрүлгөн учурлар Бишкекте, анын ичинде “Айчүрөк” борборунда буга чейин да бир нече жолу катталган.

Эске салсак, былтыр августта Бишкекте “телефон террорчусу” деп шектелген келин камалган. Улуттук коопсуздук комитет (УКМК) ал Бишкектеги “Айчүрөк” соода борборуна бомба коюлганы тууралуу жалган маалыматты таратууга шектелип жатканын билдирген. 27 жаштагы келин аталган соода борборунда ижарага орун алып иштетип жаткан күйөөсү менен таарыныша кетип, имараттын ичинде бомба бар экени жана адамдар барымтага алынганы жөнүндө жалган маалымат таратканы айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости