www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Калифорниянын темир жолдорунда талап-тоноо фактысы өтө көп катталып, жума сайын уурулардын жоон тобу посылкалар жүктөлгөн контейнерлерди тоношот.

Таштанды, айрылган коробкага толгон темир жолдун жүрөк үшүн алган видеосу Inside Edition басылмасынын YouTube-каналына жарыяланды.

"Бул жер кыйраган шаар тууралуу тартылган тасмадагыдай эле көрүнөт экен", — деген журналист.

CBS Los Angeles телеканалы маалымдагандай, поезд калк көп жашаган аймакка келип, жайлап калганда каракчылар вагон үстүнө чыгып, контейнерлерди ачышат.

"Поезд жүрүп баратабы же токтоп турабы, аларга баары бир. Ичине кирип, кулпуланган жерди ачып, колуна тийгендин баарын алып кетишет", — деген Union Pacific Railroad темир жол компаниясынын жумушчусу.

Мындай талап-тоноодо көбүнчө Amazon, Target, UPS жана FedEx сыяктуу америкалык почта жана курьер компаниялары жапа чегери айтылды. Жыйынтыгында миңдеген посылка ээсине жетпей калат.

Union Pacific Railroad темир жол оператору акыркы жылы Лос-Анжелесте уурулуктун саны 160 пайызга өскөнүн белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости