www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекция түзүлөт. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Бул боюнча президенттин жарлыгын аткаруу иретинде тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Мамлекеттик дирекцияны каттоодон өткөрүү жана уюштуруу тапшырмасы президенттин иш башкармалыгына тапшырылган.

Аталган дирекциянын негизги милдеттери — Кыргызстандын аймагында бюджеттик жана мыйзамда тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен каржылануучу социалдык-экономикалык, административдик объектилерди долбоорлоо, реконструкциялоо жана куруу.

Ошондой эле өлкө аймагында долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестицияларды тартуу да ушул мекеменин милдети болот. Мындан тышкары, дирекция объектилерди курууда энергия үнөмдөөчү заманбап технологияларды киргизүү менен алектенет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости