www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандагы баш аламандык учурунда көз жумган жан кечтилердин жансыз денелери сакталган жашыруун жай табылды. Телеграмдагы «@almatyapat» каналынын маалыматы боюнча, бул жай Алматы шаарында жайгашкан.

Буга чейин департаменттин жетекчиси Канат Таймерденов ушул айда белгисиз адамдар өлүк сактоочу жайга 7 ирет кол салышканын айткан болчу. Алар 41 адамдын сөөгүн алып кетишкен.

«Ооба, бул маалыматты тастыктайм. Бул башаламандыктардын катышуучуларынын изин табуу иштерин тааталдаштыруу үчүн жасалган», - деп айтылат «Алматы трагедиясы» каналында.

Расмий маалыматтар боюнча, Казакстанда январь менен кошо башталган башаламандыктарга байланыштуу 695 кылмыш иш козголду. Өлкөнүн Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча, тополоңдон 4578 адам жаракат алып, 225 адам көз жумган. Каза тапкандардын арасында күч түзүмдөрүнүн 19 кызматкери бар. Ал эми БУУ миңдеген адам жаракат алганын жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости