www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Талибан" өкмөтүнүн Коргоо министрлиги Тажикстан менен Өзбекстандагы Ооганстанга таандык тик учмалар "эртеби-кечпи кайра кайтарыла турганын" билдирди.

Министрликтин өкүлү Иноятулла Хорезминин айтымында, кезинде аталган тик учактарды Ооганстанга америкалыктар расмий түрдө берген, эми алар ооган элинин мүлкү болуп эсептелет.

"Качан болбосун биз ал тик учактарды кайтарып алабыз. Пентагондун билдирүүсүн четке кагабыз жана аны биздин ички ишке кийлигишүү деп эсептейбиз", — деди Хорезми.

Өткөн жумада "Талибан" өкмөтүнүн коргоо министри Мавлави Мухаммад Якуб да Тажикстан менен Өзбекстанга кайрылып, Ооганстандын аскердик тик учактары кайтарылбаса, жагымсыз кесепеттер болорун эскерткен.

Пентагондун расмий өкүлү Жон Кирби 18-январдагы брифинг маалында тик учактардын тагдыры тууралуу берилген суроого жооп берген.

"Тик учактар кийин талибдердин колдонуусу үчүн Ооганстанга жөнөтүлбөйт деп ойлойм. Азыр ал тик учактар келечекте кандай колдонулат же каякка жөнөтүлөт деген маселенин айланасында талкуу уланып жатат", — деген Кирби.

"Талибандын" өкмөтү мурдагы ооган өкмөтү кулагандан кийин ондогон тик учактар менен учактар коңшу өлкөлөргө жеткирилгенин билдирүүдө. Тажикстан менен Өзбекстандын бийлиги 2021-жылы алардын аймагына ооган учкучтары менен аскерлери учуп келгенин ырастап, бирок алар боюнча толук маалымат беришкен эмес.

Азырынча Тажикстан да, Өзбекстан да талибдердин бул талаптары боюнча расмий жооп бере элек. Бирок айрым басылмалар бул өлкөлөрдөгү эксперттердин пикирине таянып, талибдердин өкмөтүн бир да өлкө тааный элек болгондуктан, алардын мындай талабы мыйзамсыз жана маанисиз экенин жазышкан. Ошол эле маалда эксперттер тик учактарды тажик тарап да, өзбек тарап да тартып албаганын, аны каршылашып жаткан тараптын бири калтырып кеткенин белгилеп, мындан улам "Талибан" маселени эскертүүлөр менен эмес, Тышкы иштер министрлиги аркылуу чечиши керек деп эсептешүүдө.

Өзбекстан менен Тажикстанга жеткирилген тик учактардын көбүн Ооганстандын куралдуу күчтөрүнө АКШ берген. Өзбекстандагы тик учактардын үчөөнү бул өлкөгө качып барган президент Ашраф Гани жеткиргени айтылып келет. Калган учактарды ким жана кандай шартта жеткиргени белгисиз. Былтыр августтун ортосунда Тажикстанга ондогон ооган учкучу үй-бүлөлөрү менен качып барып, Душанбенин четиндеги санаторийлердин биринде үч айга жакын жашашкан. Ноябрдын башында алар Душанбеден Бириккен Араб Эмираттарына жеткирилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости