www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

19-январда Нур-Султанда жарандык активисттер тобу менен каттоодон өтпөгөн "Эл тиреги" партиясынын өкүлдөрү маалымат жыйынына чогулуп, казак бийлигин январдагы кандуу окуяларды ачык-айкын жана адилеттүү иликтөөгө чакырышты.

Алардын пикиринде, оппозиция өкүлдөрү менен жарандык активисттердин катышуусунда атайын комиссия түзүлүшү керек.

Алматылык активист Марат Турымбетовдун айтымында, бийликтин элди айыптоого укугу жок, себеби жарандар тынч митингге чыгышкан, бирок бийлик аларды тыңдаган эмес.

- 4-январда "Алматы аренасына" келдик. Ал жерде акимчиликтен эч ким болгон жок. Ошондуктан чогулгандар талап коебуз деп Сатбаев көчөсүндөгү борбордук аянтка бет алышты. Ал жерге жакындаганда атайын бөлүк көздөн жаш агызчу газ жана гранаталарды колдонду. Саат бештен баштап элге ок атыла баштады. Ким кимди атты? Курал-жарак саткан дүкөндөрдүн кожоюндары куралдарынан ок атылбаганын, алар сейфте болгонун билдиришти, - деди ал.

Ишкер Айдар Омар "Казакстандын демократиялык тандоосу" жана "Көше партиясы" кыймылдарын экстремисттик уюмдардын тизмесинен чыгаруу маселесин көтөрүүгө убакыт келгенин айтты.

- Эгер биз сот системасын реформалоону кааласак, анда бул чечимдерди кайра кароодон башташыбыз керек. Биз кандай жагдайда жана эмне себептен алар "экстремисттик" деп табылганын билебиз. Бул менин жеке пикирим, - деди ал.

Каттоодон өтпөгөн "Эл тиреги" партиясынын лидери Нуржан Альтаев 15-январда "уруксат берилбеген митингге катышканы үчүн" 20 суткага камалган. Адвокатынын айтымында, тергөө учурунда андан атайын кызматтын мурдагы башчысы Карим Масимов жана бозгундагы оппозициячы Мухтар Аблязов менен болгон мамилеси жөнүндө сурашкан.

19-январда Европарламентте Казакстандагы кандуу окуялар жана анын кесепеттерине байланыштуу резолюция долбоору боюнча дебаттар өткөн. Сөз сүйлөгөндөрдүн көбү окуяга көз карандысыз иликтөө жүргүзүү зарылдыгын жана казак бийлигинин өкүлдөрүнө персоналдык санкция киргизүү керектигин айтышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости