www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абактагы Атай Бейшенбек менен Эрлан Бекчороевдин диалогу

#СӨЗКАМАЛБАЙТ
— Эрлан Бекчоро уулу: Бийликтин мииздуу кылычы паракор, мамлекетти тоноп жаткандарга мокок, эркин ой жүгүрткөндөргө курч.

—  Атай: Садыр Жапаровдун командасында эң начар жана мыкты кадр деп кимдерди атай аласыз, эмне себептен?

— Эрлан: Бүгүн өлкөбүздөгү регрестик кадамдар кадр саясаты кандай экенине ачык баа берет. Мамлекетти башкаруу системасы президенттик, парламенттик башкаруудан «Супер президенттик» башкарууга өткөндөн бери кадрдык жакырчылыкка туш болдук. Азыр президенттин, президенттик администрациянын уруксатысыз мал доктурдан баштап , жогорку кызматкерлердин кызмат орду чечилбейт. Дегеним, бул «Жакшы киши» - деген резюме көтөргөндөр Ак-үйдү айланып жүрүшүп ушул күнгө кептешти. «Жакшы киши» деген профессия жок экенинин далили экономикадагы цифралык манипуляциялар, энергетика жагында, базар экономикабыздагы баалардын ойноп турганы «лампочкасы өчпөгөн, көмүр менен иши жок, үйү жылуу» аткаминерлерге сезилбесе, кара таман элдин белин бүктү. Кыштын камын кышта көрүп, жаздын камын жазда көрүп поезддин алдында чуркап жүргөн бүгүнкү кадрлар Садыр Жапаровду жер каратууда. 

Даярдык жок, кызмат ордунда кылмыштуу кадамдарга барып жаткан кадрлар Кыргызстанга биринчи жолу кар жаап, биринчи жолу суук түшкөндөй шылтоо айтышууда. Белгилүү эл аралык уюмдардын изилдөөсүндө эң булганыч аба көрсөткүчүндө 1-орунда турсак, тоңдуруп ийген суу түтүктөрүнө дөңгөлөк өрттөп жылытып, согуш болуп жаткан өлкөдөй өрттөнүп жаткан дөңгөлөктүн фонунда баланча от казан ишке кирди деп шаар мэри отчёт берип, караңгыда карайлап сабакка даярданган окуучу, окуучусун фонарик менен издеп таап сабак өткөн мугалимди көрүп кадр саясатынын зыяны тийип жатканын кантип айтпайсың. 

Бүгүн Садыр Жапаров командасын туура эмес топтогонун сөзсүз белгилешибиз керек. Мен кадр тандоо саясатынын кесепеттерин кече болуп өткөн гана окуяларды тизмектедим. Ар бир тармактагы кадрларын тизмектеп берсем абактагы мен менен кошо камалып жаткан барактарым дагы жетпейт. 

— Атай: Өлкө башчысы кадр саясатын кандай жүргүзсө дейсиз, негизги критерийлер кандай болушу керек?

— Эрлан: Кээ бир адамдар оор күнгө кабылганда кол сунганын милдет кылышат. Кылган кызматын милдет кылгандар. Мээсинде эч нерсе жок болсо дагы «Мекенчил» партиясында колдоп жүргөм, сиз абакта жатканда баланча митинг уюштургам, ак кызмат кылгам деп жатышып Садыр Жапаровдун кадрдык саясатты туура жүргүзүшүнө тоскоол болушту. Бир жылдык бийликтеги өмүрү ушулардан кол үзө албай жүрүп өттү. Үйүгушкөн жетим жүгүрүктөр бүгүн дагы президенттин ишине кедергисин тийгизип бир складды басып алгандай жүрүшөт. Президент ушуларга ачылган эшикти эртерек жаап, демогог, кошоматчылардан тез арылып кадр саясатына чечкиндүү кадамдарга барбаса түйшүгүн өзү эле тартат. 

Ушул адамдар кемчиликти көрүп ачык пикирин айткан саясатчыларды, активисттерди, блогерлерди президентке душман көргөзүп камап, ачык көрсөткөн эркин медиаларды жаптыртып жаткандарда ушулар. Эртең жаманаттысы Жапаровго калат. Абал ушундай нукка түшүп калганда сиз берген сурооңуздагы кадр тандоо саясатын кандай жүргүзүү керектиги боюнча негизги критерийлерди, талаптарды атоонун кажети жок. Азыр Шералынын чокоюн колуна көтөргөндөрдүн учуру узарган. Ушундай учурда Эволюция кыл дегенибизди #Революция деп түшүнүп камап - абактабыз. Бийликтин миздүү кылычы паракор мамлекетти тоноп жаткандарга мокок, эркин ой жүгүрткөндөргө курч. Мындай кылыч бат дат басат.

— Атай: Сөз камалбайт, анткени… улантыңыз…

— Эрлан: Кыргыздын теңдешсиз эки байлыгы бар. Бири суубуз, экинчиси демократиялык аралчабыз. Бүгүн биз Кемпир-Абад суу сактагычын коргоп, демократиялык баалуулуктарды коргоп камактабыз. Өзүбүз камалганыбыз менен сөзүбүз, пикирибиз эч качан камалбайт!

Эскерте кетсек, журналист Эрлан Бекчороев менен активист Атай Бейшенбек 2022-жылдын 23-октябрында "Бийликти басып алууга" Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камакка алынган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости