www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ушундай. Жеңиш Разаков кызматта турганда Арзыбек Буркановдон 1 миллион 200 миң доллар алып, кайра бербей койгону, алдамчылык кылганы боюнча камакка алынды. Тергөөнүн сыры катары көп маалыматтар чыкпай атабы? Азырынча күдүк кептер күчүндө.
Жеңиш Разаков Баткен облусунун губернатору, вице-премьерминистр кезинде алдым-жуттумдукту, өкүмзордукту кыйла жасаганы, көп адамдарга зыян келтиргени ачыкталабы? Контрабанда, кызмат абалынан кыянат пайдалануу иштери да тизмектелеби? “Көрбөгөндүн көргөнү курусун” дегендей, кыйла кыңыр иштер убакыт өткөн соң кашкая баштады.
Баткендиктердин көпчүлүгү Жеңиш Разаковдун камалганына кубанып жатышканы бекер жерден эмес го. Элден чыкканы ушулбу?
Булак: Азия News гезити