www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз маданияты орду толгус оор жоготууга учурады. 2023-жылы 6-февралда узакка созулган оорудан улам кыргыз киносунун патриархы — режиссер-коюуучу, сценарист, прозаик, сүрөтчү Геннадий Базаров 81 жаш курагында дүйнөдөн өттү.

Гениалдуу кинорежиссер, «кыргыз кереметин» жаратуучуларынын бири, интеллектуал, акылман, насаатчы Геннадий Базаров 1942-жылы 14-майда Нарын облусунун Ат-Башы айылында туулган. Ал 1961-жылы Москвадагы Бүткүл Союздук мамлекеттик кинематография институтунун (ВГИК) режиссердук факультетине тапшырган. Геннадий Базаров кино дүйнөсүнө 1959-жылы аралашкан. 1961-жылга чейин оператордун жардамчысы, режиссердун жардамчысы болуп "Кыргызфильм" киностудиясында иштеген. Анын алгачкы чыгармачылык эмгектери - "Намазга жыгылуу" жана "Тыныгуу" фильмдери болгон.

Жаш режиссер ВГИКти аяктагандан кийин поэтикалык маанайды, повесттин аныктыгын сактап, Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолун” киного тарткан. Бул дипломдук иш жаш режиссерго дүйнөлүк атак алып келген. 1968-жылы фильм Орто Азия жана Казакстандын кинофестивалында атайын диплом менен сыйланган.

1970-жылдары режиссёр адам баласынын ички дүйнөсүнүн байлыгы, коомдогу адеп-ахлак баалуулуктарын чагылдырган атактуу "Көчө", "Көздүн кареги" киноленталарын тарткан.

Геннадий Базаров биринчилерден болуп кыргыз автордук киносун тартып баштаган. 1980-жылдардын ортосунан тартып "Биринчи", "Өспүрүмдөр үчүн башпаанек", “Кутум”, "Аномалия”, “Карагыз”, “Метаморфоза”, “Исход”, “Жаннат”, “Нонсенс”, “Ноктюрн”, «Туздуу талаа» сыяктуу көркөм фильмдерди жараткан. 1990-жылдары режиссёр кыска метраждуу - «Периштенин күнү», «Антракт», «Түндө» аттуу тасмаларды тарткан. Ал көрүүчүлөр арасында «Айтматов», «Искусство жөнүндө сөз» даректүү тасмалары менен кеңири белгилүү болгон. Геннадий Базаровдун Улуттук телерадиоберүү корпорациясында тартылып, көрсөтүлгөн «Альтернатива» автордук теледолбоору элдин арзуусуна татыган. Бул автордук көрсөтүүсү көркөмдүгү, социалдык баалуулугу тереңдиги менен телеискусствонун классикалык үлгүсү болуп калды. Кыргызстандын ондогон чыгаан инсандары анын каармандары болушкан.

Геннадий Базаров ошондой эле таланттуу прозаик, көркөм сөз чебери катары «Инсандын дүйнөсүн ачуу», «Ноктюрн», «Хава Нагила», «Өзөк маани», «Конуш», «Гримаса», «Тыныгуу» повесттеринин автору болгон.

Геннадий Базаров 1966-жылдан 1995-жылдарга чейин «Кыргызфильм» киностудиясында режиссер-коюучу, ал эми 1988-жылдан өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын “Кыргызтелефильм” студиясында режиссер-коюучу, алып баруучу, директор болуп үзүрлүү иштеп келди.

Геннадий Базаров – бир катар эл аралык жана республикалык кинофестивалдардын лауреаты болгон, анын көптөгөн тасмалары УТРКнын "Алтын фондуна" кирген. Көп жылдык үзүрлүү жана жаратман эмгеги үчүн бир нече жолу мамлекеттик жогорку сыйлыктар жана наамдар менен сыйланган.

1974-жылы “Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмери”, 1976-жылы “Ардак белгиси” ордени, 1985-жылы СССРдин кинематографиясынын отличниги, 1991-жылы “Кыргыз Республикасынын эл артисти” жогорку ардактуу наамын алган. 1997-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин “Алтын калем” сыйлыгы, 1998-жылы жана 2006-жылы Чынгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыгы менен сыйланган. 2003-жылы III даражадагы жана 2022-жылы II даражадагы «Манас» ордени - мамлекеттик жогорку сыйлыкка татыктуу болгон. 2003-жылы Эл аралык кинофестивалда Гран-при жана "Карагыз" тасмасы үчүн "Мосфильм" концернинин байгесин алган. 2006-жылы "Жылдын адамы" наамы менен байгеге жана статуэткага ээ болгон. 2009-жылы “Адамзаттын руханий казынасына кошкон татыктуу салымы үчүн” Мустафа Ататүрк Эл аралык Алтын медалы менен сыйланган.

Эскерте кетсек, Геннадий Базаровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 7-февралда А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтүүдө. Маркумдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат

Булак: NazarNews.kg

Последние новости