www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия - тарыхтын татаал жолунда курчуган Улуу Эл! Бул тууралуу Түрксойдун башкы катчысы Султан Раев Фейсбук баракчасына жазды.

"Түркия… Бүгүн жүрөгүбүз жыртылып турат, арман Ааламга батпай турат… Түркия жанкайгыбызга айланды, көкүрөгүбүз көз жашка толду…

Түркия адамзат тарыхында эчен сыноодон, от менен жалындан, ажал менен апааттан, тозок менен кыйроодон өткөн, тарыхтын татаал жолунда курчуган Улуу Эл!

Бар бол, Түркия! Биз бирбиз, биргебиз!", - деп жазган Раев.

Эскерте кетсек, кечээ, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышындагы Кахраманмараш аймагында болгон катуу жер титирөөнүн кесепетинен өлкөдө курмандыктардын саны 2 миң 921 адамга жетти, 15 миң 834 адам жаракат алган.

Башында магнитудасы 7,4 деп бааланган, андан кийин Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул көрсөткүчтү тактады: 7,7 болду.

Кийинчерээк Түркияда күчү дагы би 7,7 баллга жеткен жаңы жер титирөө катталган. Ал эми бүгүн таңда өлкөнүн борбордук бөлүгүндө күчү 5,6 баллга жеткен дагы бир жер титирөө катталды.

Буга байланыштуу өлкөдө 7 күндүк улуттук аза күтүү жарыяланды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости