www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында болгон жер титирөөдөн кийин өлкөдө улуттук аза күтүү жарыяланды. Бул документке президент Режеп Тайып Эрдоган кол койду.
Мамлекет башчынын токтомуна ылайык, үстүбүздөгү жылдын 12-февралына чейин өлкөдө 7 күндүк улуттук аза күтүү жарыяланды. Бул мезгилде өлкөнүн жана анын чет мамлекеттердеги элчиликтеринин желектери жарым ылдый түшүрүлөт.
Эскерте кетсек, кечээ, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышындагы Кахраманмараш аймагында болгон катуу жер титирөөнүн кесепетинен өлкөдө 1651 адам каза болуп, 11119 адам жаракат алган. Башында магнитудасы 7,4 деп бааланган, андан кийин Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул көрсөткүчтү тактады: 7,7 болду. Кийинчерээк Түркияда күчү 7,7 баллга жеткен жаңы жер титирөө катталган.
Булак: NazarNews.kg