www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 6-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга телефон чалды. Сүйлөшүүдө Путин Орусия Түркияга жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюуга жардам берүүгө даяр экенин ырастады. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.
«Путин бул табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуда түрк өнөктөштөрүнө тез арада зарыл жардам көрсөтүүгө даяр экенин ырастады», — деп айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, буга чейин Орусиянын жардам көрсөтүү боюнча конкреттүү сунуштары түрк тарапка тиешелүү каналдар аркылуу жеткирилгени белгиленген.
Ошондой эле Орусия мамлекет башчысы кесиптешине көптөгөн адамдардын өмүрүн алган кыйраткыч жер титирөөлөргө байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтты.
Эрдоган жооп катары Путинге мындай тез жана жылуу жооп үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөнүн компетенттүү органдарына орусиялык куткаруучулардын жардамын кабыл алууну тапшырып жатканын айтты.
Эскерте кетсек, кечээ, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышындагы Кахраманмараш аймагында болгон катуу жер титирөөдөн өлкөдө 1498 адам, коңшу Сирияда 800дөн ашуун адам каза болгон. Жабыркагандардын саны миңдеп саналат. Башында магнитудасы 7,4 деп бааланган, андан кийин Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул көрсөткүчтү тактады: 7,7 болду. Кийинчерээк Түркияда күчү 7,7 баллга жеткен жаңы жер титирөө катталган.
Булак: NazarNews.kg