www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дээрлик 12 жылдан бери тагдыры чечилбей келген башкы прокуратуранын 2010-жылы апрель окуясында өрттөнүп кеткен имаратынын орду акыры сатылды. 

Далайлардын көзүн күйгүзүп келген, Бишкек шаарынын чок ортосундагы "Алтын квадрат" саналган жерди соодалап жибергенге Отунбаеванын, Атамбаевдин, Жээнбековдун дити барган эмес. 

2020-жылы бийликке Садыр Жапаровдун келиши менен башкы прокуратуранын күйүп кеткен имараты буздурулуп, жери бошогон. Ордуна жаңы имарат салына турган болду. 

Натыйжада жерди аукционго чыгарып соодалашты. Ага катышууга эки гана арыз түшкөн. Анда жер участогун ижарага алуу үчүн жылына 6 млн сом сунуштаган «Шаако» ЖЧКсы жеңүүчү деп табылды. Компания ижара келишимине кол койду.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, компания дүң соода менен алектенет. Ал 2021-жылдын 15-апрелинде кайра каттоодон өткөн. ЖЧКнын негиздөөчүсү жана жетекчиси Садыков Шаамырза Медербекович деп жүрөт. 

Кызыктуу жагдай, ачык булактарда жетекчи жөнүндө да, компаниянын өзү жөнүндө, ачык бюджет порталында компания төлөгөн салыктар боюнча дагы маалымат жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости