www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кинорежиссёр Геннадий Базаров каза болду

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кинорежиссёр Геннадий Базаров каза болду. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Базаров 1942-жылы 14-майда Нарындын Ат-Башы айылында төрөлгөн. Фрунзеде (азыркы Бишкек) орто мектепти аяктаган.

Кыргыз Республикасынын эл артисти (1991), искусствого эмгек сиңирген ишмер (1974). 1966-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун бүткөн. Эмгек жолун 1959-жылы «Кыргызфильм» киностудиясында баштаган. Адегенде жумушчу, оператордун ассистенти, кийинчерээк режиссердун ассистенти болгон.

Окуп жүргөндө кыска метраждуу «Намаз окуу» жана «Тыныгуу» аттуу киноновелла тарткан. 1967-жылы «Саманчынын жолу» (сценарийин жазгандар; Ч. Айтматов, Б. Добродеев, И. Таланкин) фильмин дипломдук иши катары тасмага түшүрөт. «Буктурма» (1966; X. Булатов, Дегальцев, А. Шаршенова), «Көчө» (1973; М. Гапаров), «Биринчи» (1984; Г. Базаров, Л. Дядюченко), «Көз кареги» (1975; Л. Дядюченко) кинотасмаларды, «Бойго жеткендер үчүн баш калкалоочу жай» (1986), «Айың» (1989), «Аномалия» (1991) көркөм фильмдерди жана «Антракт» (1994), «Түндө» (1995) кыска метраждуу новеллапарды жараткан.

Даректүү фильмдерден «Искусство жөнүндө баян» (1974). «Жазуучу» (1980), «Чыңгыз Айтматов» (1980) жана башкаларды тарткан. Маданият жана искусствонун ишмерлери А. Токомбаева, Н. Байтемиров, А. Темирова, Г. Ажыбекова жана башка жөнүндө кинопортреттердин галереясын түзгөн. «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

NazarNews маалымат агенттигинин эмгек жамааты кинорежиссер Геннадий Базаровдун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости