www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абактагы Ташовдун арманы, президент көңүл бурабы?

Камактагы ишкер, KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов президентке кайрылып, өзүнө каршы козголгон кылмыш ишинин мыйзамсыздыгын айтты.

Ишкердин тергөө абагынан 15-майда жазган катын адвокаты Асел Аргымбаева 18-майда Фейсбукка жарыялады.

Кайрылуусунда ишкер Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери өзүнө каршы "жасалма" иш козгоп, эки жылдан ашуун убактан бери мыйзамсыз кармап отурушканын билдирген.

Ал өзүнө таандык эмес жер тилкеси үчүн 52 млн сомдук мүлкүн УКМК кызматкерлери тартып алышканын, тергөө абагында отурган кезинде кыйноого алышканын билдирип, ал үчүн Коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкерлерин айыптаган. Алардын үстүнөн арызына прокуратура эч кандай чара көрө албаганын билдирген.

Ошондой эле, “акыркы эки жылда айтып, жазып келген чындыгымды ар кандай жол менен далилдеп берүүгө даярмын”, - деп жазган.

Последние новости