www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регламент боюнча комитети "Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Мыйзам долбоорун депутат Дастан Бекешев демилгелеген.

Документ аталган мыйзамдын 33-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт жана депутаттар үчүн негизги жумушунан тышкары уруксат берилген ишмердүүлүктүн түрлөрүн так аныктоого багытталган. Алсак, мандаттан мыйзамсыз ажыратуу тобокелдиктерин четтетүү максатында "илимий", "педагогикалык" жана "чыгармачылык" ишмердүүлүк түшүнүктөрүн чечмелөөдөгү бүдөмүк жагдайларды жоюу сунушталууда.

Последние новости