www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Массалык баш аламандык уюштурууга даярдануу беренеси менен камакка алынган саясатчы Равшан Жээнбеков президент Садыр Жапаровго кат жазды.
"Урматтуу Садыр Мырза, дүйнөдөгү демократиянын деңгээлин изилдеген, кадыр барктуу Freedom House уюму, Кыргызстанды, бул 2023-жылы, үчүнчү жолу авторитардык өлкөлөрдүн катарына киргизди. Тилеке каршы, биздин мамлекет бул жылы Зимбаевинин катарынан орун алды.
Бул уюмдун Кыргызстанга берген баасы, биз үчүн зарыл болгон донор өлкөлөргө, эл аралык финансы уюмдарына жана инвесторлорго чоң сигнал болот. Ансыз дагы алсыз экономикабызга, жакырчылыка, жумушсуздука бул баа сөзсүз терс таасирин берет.
Акыркы үч жылда орногон суперпрезиденттик авторитардык саясий система, Freedom House уюму баса белгилегендей, саясий оппоненттерди, бийликти сындаган журналисттерди, жарандык активисттерди куугунтуктоодо гана чоң ийгиликтерге жетишти. Ал эми элибиз үчүн эң маанилүү жакырчылык, жумушсуздук, коррупция менен күрөшүүдө эч кандай ийгиликтерге жетише алган жок. Жакырчылык 35-40%га чыкты, бийликтин КТРменен ЭлТРдин маалыматын кошпогондо, коррупция өскөндө өсүүдө.
Сиз жана тегерегиңиз түзгөн авторитардык башкаруу, элибиздин жашоосунун бардык тармагына терс таасирин берип баштады.
Урматтуу Садыр Мырза, 20 жылдан бери бардык авторитардык президенттер менен күрөшкөн демократ саясатчы, оппонентиңиз катары, сизди, авторитаризмден баш тартууга чакырам. Саясий оппоненттериңизди, эркин медиаларды, активдүү жарандар менен бийликти сындаган журналисттерди куугунтуктоону токтотуңуз. Сынга, башка көз карашка чыдамкай болуңуз. Баарыбыздын мекенибиз - Кыргызстан эркин, демократиялуу өлкө катары гана дүйнөдө өз ордун таба алат. Авторитаризмдин келечеги жок", - деп жазган Жээнбеков.
Булак: NazarNews.kg