www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каныбек Иманалиев Кеминден уругу Жантай. Анын Шабдандын атасы Жантай менен тиешеси жок. Сарыбагыштан дагы бир аты Кылжырдан Жантай, Токо, Манап. Жантайдан Каныбек Иманалиев , Аалы Токомбаев жана башкалар. Манаптан Акылбек Жапаров, Баялы Исакеев, Сапар Исаков жана башкалар. Токонун уулу жок жалгыз кызы болгон, аны да Токо өлгөндө кыштын күнү чакырбай койот, ошондо ал:
Абыла менен Өзүктү,
Багып алган уул эле...
деп кошкон, бул тарых, негизи Токо жети баланы багып алат, Молой- Солой жана башкалар, Абылайдан Аскар Акаев.
Каныбек Иманалиев 73 жашка чыгып кайтыш болгон Шабдан баатырды өз өмүрүндө пендечиликке такыр алдырбаган кудум эле пайгамбардан кем кылбай жана да анын айкөлдүгүнө, берешендигине эч бир чек жок кылып сүрөттөптүр. Анчалык байлык, тай туяк алтындар, үйүр-үйүр жылкылар Шабдан баатырга кайдан келген деген суроого тилекке каршы жооп жазылган эмес. Кошоматчылардан келгенин же салыктан чогулганын, же өзү мал топтоп бакканы тууралуу ынанымдуу маалымат жок. Негизи Шабдан атабыз байлык эмес, барк топтогон адам болгондугу ырас. Баатырдын байлыгы Иманалиевдин жазганына ишенсек, Эр Эшим хандын тушунда жашаган кадимки сан жылкылуу Түгөл байдын маалынан кем эмес болгондой. Айтор, баатыр атабыз бул китепте кайда барбасын алдынан чыккан бейтааныш адамдарга, мусаапырларга, жардыларга, ал тургай малга муктаж эмес байларга, бийлерге, мал үмүтөтүп келген казактарга, ондогон жылкыларды же тай туяк алтындарды байма-бай кармата берет. Буга чынында таң калбай коюуга мүмкүн эмес.
Тарыхтан белгилүү болгондой, Шабдан атабыз элге колу ачыктыгы, калыстыгы, эл башкаргандыгы менен “баатыр” атка конгон. Каныбек мырза муну башкача түшүнүп алганбы, айтор Шабдан атабызга көп учурда кылыч чаптырып, найза сайдырып, жүрөктүүнүн жүрөктүүсү, накта баатыр кылып баяндайт.
Шабдан баатыр Кокон хандыгында кызмат өтөп жүрүп, 1860-жылы Кокон сарбаздары менен орус аскерлери Узун-Агачта согушканда, ошончо 20 миңден ашуун колдон жалгыз гана Шабдан баатыр баатырдык көрсөткөн деп жазат. Калгандары орустардын мөндүрдөй жааган огунан оолак качып берсе, Шабдан атабыз октон да жалтанбай, ошончо аскерге жалгыз даңаза болуптур. Мен мындай маалымат кыргыздын кайсы тарыхында бар экенин таппай койдум. Узун-Агачтагы ал айкашта дал ушундай болгонун мен кыйын деген тарыхчылар да тастыктап бере албас. Кыскасы, бул жагы көркөмдүк жомок. Мындан тышкары, Шабдан атабызды атактуу Тайлак баатыр атабыздын баласы Осмон датка менен найза сайыштырып, ага үстөмдүк көрсөттүрүп койгондугу да чындыкка анчалыкка дал келе бербейт. Чынында Осмон датка атасын тартып баатыр адам болгондугунда талаш жок. Муну Каныбек мырза билбесе, Нарын эли, айрыкча Ак-Талаа эли эң сонун билет. Ал кылыч чаап, найза сайып, жаа атып, көп эле салгылаштарда баатырдык көрсөткөн. Аны эч ким жокко чыгара албайт. Негизи тарыхта деле, санжырада деле Шабдан менен Осмон датка бири-бири менен найзалашкан эмес. Бирок санжырада Шабдандын Осмондун өзү менен эмес, анын иниси менен чала – була найзалашканы айтылып жүрөт. Иманалиев бул китепте Шабданга аз эле жерден Осмонду оңкосунан сайдырып кое жаздайт экен.
Кыргыз элинин 19 кылымда жашап өткөн эң атактуу найзакер, үч эмдин уулуусу кадимки Аксакалды (азандагы аты Солтонкул) автор 1912-жылы өлгөн Шабдан баатырдын чоң ашында Жусуп деген найзакер менен сайыштырып, жыйынтыгында жылдыз толгондо экөөнү тең өлтүрүп коюп жатат. Аксакал атабыз 1869-жылы туулуп, 1948-жылы өлгөн инсан. Өз өмүрүндө 36 жолу эр сайышка түшүп, анын дээрлик баарында жеңишке жетип, 8 найзакерди өлтүргөндүгү маалым. Колхоз-совхоздоштурууга активдүү катышкан адам. 1948-жылы кыргыз өкмөтүнүн чакыруусу боюнча Фрунзеге Кыргыз ССРинин түзүлгөндүгүнүн 24 жылдык мааракесине ардактуу мейман катары чакырылган. Ал Каныбек мырза өз романында жазгандай Шабдандын ашында, 1912-жылы өлгөн эмес. Учурда анын туугандары Жумгалдын Байзак айылында жашашат. Иманалиевдин “Шабдан баатырындагы” эң чоң ката, болгондо да кечирүүгө мүмкүн болбой турган каталардын бири ушул. Негедир, бул тууралуу, деги эле бул китеп тууралуу буга
чейин эч ким, ак же көк деп ооз ача элек эле. Иманалиев абийири болсо жаңылганы мойнуна алып, жалпы элден кечирим сурашы керек.
Китепке баш сөз жазган тарыхчылар Ташмамбет Кененсариев, Дөөлөтбек Сапаралиев, Аскар Беделбаевдер да ушундай оркойгон каталарга көз жумуп койгондору да кызык болуптур. Бирок, адамды укмуш жайпай билген Каныбек мырза баш сөздү өзү эле жазып туруп, бу белгилүү тарыхчыларга кадырын салып жатып, алардын айткандарына кайдыгер карап, макул кылып алса керек. Болбосо, Аксакалды Кененсариев менен Беделбаев жакшы билбесе да, Дөөлөтбек жакшы билиши керек эле. Себеби ал өзү Байзак менен Аксакал жашап өткөн Кайырма айылына жакын айылдан болот. Анын үстүнө бул тарыхчы Казакстан, Орусияга чейин барып архивдерди аңтарып, кыргыздын жеке тарыхый инсандарын терең изилдеп, жакшы эмгектерди жазып жүрбөйбү.
(Уландысы бар)
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg