www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Равшан байке, ден-соолугуңуз кандай?

— Ден-соолук жалпысынан дурус. 16 кв. м. камерада 6 киши жашап, бири-бирибизге тирек болгонго, тар жерде физикалык көнүгүүлөрдү жасаганга, бир күндө бир жолу 30–40 мүнөткө сейилге чыкканга аракет кылабыз. Сизо эң оор түрмө катары эртели кеч ден-соолукка терс таасирин берет. Бетондон курулган имарат, ным, желденбеген камералар, кичинекей айнек, тар камера эртели кеч өз ишин жасайт.

— Сиз Кой-Таштагы окуяга күбө катары сурак берип жүрбөдүңүз беле. Ошондо эле камакка алууга аракеттер жасалаарын билгенсизби же күтүлбөгөн окуя болуп кеттиби?

— 8–10-авнгусттарда эки жолу камайбыз деп, адвокатымды чакырышып, түнкү саат он экиге чейин кармашып, кайра камашпай коё беришкен. бул боюнча медиаларга да маалымат чыккан. Кийин тынчып калды, бирок суракка чакырып турушту. Барып турдум. 20-октябрда Францияга, 20-ноябрда Бельгияга, Германияга барып келдим. Чет мамлекетке чыгууга койгон тыюуларын алып ташташын өздөрү чыгарышты. Менимче, Европадан келбейт деп ойлошту окшойт. Себеби, Ак үй качып кет деп ачык эле айтышкан. Мен качпасымды, эч кандай күнөөм жок экенин айткам. Азыр иш менен таанышып атып көрдүм, мага жалган, атайлап уюштурушкан көрсөтмөлөрдү ноябрдын аягынан баштап “чампалап” башташыптыр. Болгону эки мен жарытылуу тааныбаган адамдардын жалган көрсөтмөлөрү менен эч кандай далили жок камап коюшту. Мен авторитардык баардык бийликтер менен күрөшкөн саясатчы катары, булардын булардын жаратылышын, психологиясын жакшы билем. Эртели кеч бирөөсү болбосо бирөөсү камайт болчу. Ичимде даяр эле болуп жүргөм.

— Олтурган камераңызга кечинде тинтүү иштери жүргөнүн билдирдиңиз. Эмнени табууга аракет жасашты деп ойлойсуз? Же сизди моралдык жактан сындырууга жасалган аракеттердин бири болдубу?

— Түрмөдө тинтүү бул нормалдуу көрүнүш. Бирок, эл аралык конвенциялардын гумандуулук эрежелерине ылайык кечки саат 20:00дөн кийин камактагылар дагы баардык эле жарандар сыяктуу тынч эс алууга, уктоого укуктуу. Түрмөдөгү адамдар дагы ар бир адам сыяктуу эле сый, гумандуу, мыйзамдуу мамилеге татыктуу. Мен адам укугун жакшы түшүнгөн, коргогон саясатчы катары түрмөдө дагы ушул баалуулуктарды, укуктарды талап кылдым. Албетте мени адилетсиз түрмөгө камоо бийликтин мени сындырууга, басууга болгон аракети экенин жакшы түшүнөм.

— Коркутуу-үркүтүү болгон жокпу?

— Сизо №1 эң катаал түрмө. Ошентсе да акыркы жылдарда ал жакта дурус өзгөрүүлөр болгонун байкадым. Видеокамералар коюлган, түрмө кызматкерлери видеокамера кийе башташты, түрмө кызматкерлеринде Кыйноолор боюнча улуттук борбордон коркуу сезими пайда болду. Булар түрмөнү тартип, мыйзамдуулук тарапка бир аз өзгөрттү. Бирок, оңдой турган көп нерселер бар. Видеокамералар баарын жазып аткан соң, камактагыларды коркутуу, туура эмес мамиле кылуу оорлоп калды. Жеке мага мамиле, жалпысынан мыйзамдын чегинде болууда.

— Сизди Кой-Таштагы штабды жетектеген Кыяс Смалиевдин көрсөтмөсү менен камакка алышты. Кыяс менен чын эле бийликти басып алуу планын талкууладыңыз беле?

— Мени эки адамдын атайлап уюштурган жалган жалаа, көрсөтмөлөрү менен камашты. Минтип айткан дегенден башка бир дагы түз, системалуу, маанилүү далилдери жок. Мурдагы 4 президент камашкан жок, биз камап, саясий талаадан жок кылалы, шайлоого жолотпойлу дешти окшойт. Мени камашты, Атамбаевди камашты, Текебаевди сот менен кылтакка илишти, Бабановду коркутуп саясаттан кетиришти. Эми каалагандай башкарабыз, каалагандай шайлоо өткөрөбүз деп атышса керек.

— 7-августтагы окуяны дагы бир жолу эстесеңиз, ал күнү кандайча Атамбаевдин үйүнө барып калдыңыз? Үйдүн ичиндеги окуяга качан аралаштыңыз? Барымтага алынган атайын даярдыктагы жоокерлерди бошотууга аракет жасагансызбы?

— 7-августта Атамбаевдин үйүнө элдер спецназдын жигиттерин куралдарын тартып алып, бурчка камап койгон учурда бардым. Эч кимди укпаган жаштардын каршылыгына карабастан спецназдын жигиттерин коргогонго, тез жардамга салып бергенге жардам бердим. Андан кийин Таш-Мойнок айылындагы милиция менен жаштардын провокацияларын токтотууга мен, А. Кодуранова, Т. Султанбеков, А. Кылычев болуп салым коштук. Менин баардык жасаган иштерим ММКлардын видеолорунда жазылып турат. Тилекке каршы, бийлик мага ыраазы болуштун ордуна камап тынды.

— Кой-Таш окуясын иликтеген мамкомиссия сиздин атыңызда дагы атап, “Атамбаев коркок экен, тергөөгө баруудан баш тартып, штурм болгондо үйүн көздөй качып кетти” деп айткан деп билдирди. Ушул билдирүү чындыкпы?

— Кой-Таш комиссиясы тергөө сыяктуу эле бир тараптуу иликтөө жүргүздү. Себеби ал комиссия мамлекеттик кызматчылардан жана бийликтин дежур саясатчыларынан түзүлгөн. Ал комиссия дагы тергөө сыяктуу эле бийликке көз каранды. Батукаев ишиндей эле Кой-Таш окуясы келечекте кайра иликтенет. КГБ башчысы Опумбаев жана генпрокурор Жамшитовго окшогон чыныгы күнөөлүүлөр жазасын алышат. Ал эми комиссиянын мен жөнүндө тараткан маалыматы, албетте жалган.

— Убакытты кандай кылып өткөрүп жатасыз?

— Азыр тергөө бүттү, иш менен таанышып атам. Ал эми түрмөдө китеп окуйм, түрмө, Кой-Таш, саясат тууралуу китептин кээ бир маалыматтарын жазып баштадым. Убакыт туура келгенде кичине камерамда спорт менен машыгам. Кээде камерадагы жигиттерге тамак, таттууларды жасап берем.

Суроо салган Наралы Асанбаев

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости