www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адамдар кызык эле болушат. Бийликте турганда теңирин тааныбай, анан эле бийликтен түшөөр замат же жоопкерчилик укуругу моюнга илингенде шашылыш жана «коркунучтуу» дарттар менен ооруп калышат. Албетте, ден соолукка кепилдик жок. Таба эмес, тобоо дейли. Ошентсе да ден соолуктан мурда намыс жана абийир деген бийик болушу керек го акыры.
Айталы дегенибиз, абакта жаткан Осмонбек Артыкбаевдин саламаттыгы боюнча ММКларга маалыматтар чыгууда. Ден-соолугуна байланыштуу аны үй камагына чыгаруу керек деген мааниде пикир айтышып. Биз алган маалымат боюнча Артыкбаевдин ден соолугу туруктуу эле экен, дарыгерлер тыкыр көзөмөлдөп жатканын маалымдашты.
Балким, кандайдыр бир дары-дармек табылбай, Осмонбек мырза кыйналып жаткандыр дейли десек так ушул Артыкбаев өзү дары-дармек жаатынын магнаты эмеспи. «Неман-Фарм» ЖЧКсы Кыргызстанды дары-дармек менен толук камсыздайт. Же Артыкбаев дары сатып жүрүп ден соолугун ойлогонго чамасы келбей калганбы?
Айтор, дарыгерлердин айтуусунда абалы жапжакшынакай эле болгон Осмонбек мырза тергөө аяктаганга чейин абакта боло турганы маалым болуп калды...
Булак: “Де- Факто”