www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстанда суунун кору ансыз деле түгөнгөн. Биз азыр баардыгын колдонуп жатабыз. Биздин абал оор. Бул тууралуу бүгүн Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинде өткөн маалымат жыйынында «Узсувтаминот» ААКсынын башкы инженери Анвар Мухаммедалиев билдирди.
Анын айтымында, Өзбекстандын суу ресурстары бүгүнкү күндө 52-53 миң куб километрди түзөт. Бирок Өзбекстандын калкынын бүгүнкү күндөгү керектөөсү туптуура 62 миң куб километрди түзөт. Мындан улам өсүп келе жаткан өлкөнүн жарандары 6-8 миң куб километр суунун тартыштыгына дуушар болууда.
«Бухараны ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн Самарканддан суу ташып жатабыз. Ансыз деле суунун запасы түгөнүп баратат, баарын пайдаланып жатабыз. Эрости суу корунун абалы да начар. Биз азыр сугат үчүн кудук казууну кыскартуу жана мораторий киргизүү боюнча президенттин жарлыгын даярдадык. Зомин (Жиззак), Кошработ (Самарканд), Нурота (Навои) райондорунда сугат суусу түгөнүп калды. Биздин абал ансыз деле оор», - дейт Анвар Мухаммадалиев.
«Узсувтаминот» акционердик коомунун башкы инженери сугат тармагындагы ысырапкорчулукту азайтып, ичүүчү сууну колдонууну жөнгө салышыбыз керектигин кошумчалады.
«Бул бир гана «Узсувтаминот» ААКсынын милдети эмес. Бул ар бир адамдын милдети. Бул бүткүл суу чарбанын, сууга тиешелүү бардык тармактардын иши», - деди эксперт.
Ал өз оюн жыйынтыктап жатып, бул көрүнүш айыл чарбасына чоң зыян алып келерин, анткени керектөө үчүн сууну көбүрөөк алууга аргасыз болоорун баса белгиледи.
Булак: NazarNews.kg