www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин өлкөдө коомдук ишмерлер, эл тарабынан таанылган коомдук инсандар өздөрүнүн атак-даңкына жана беделине таянып финансылык пирамидаларды жарнамалап келишкен.
Жүргүзүлгөн талдоо көрсөткөндөй, экономикалык жана юридикалык сабаттуулукка ээ болбогон айрым жарандарыбыз мындай коомдук инсандарга ишенип, бардык топтогон каражаттарын ушул финансылык пирамидаларга салышат, бул болсо кийин мамлекет ичиндеги социалдык, экономикалык жана саясий тең салмаксыздыкка түздөн-түз таасир этет.
Ошону менен бирге, аларды жарнамалаган дал ушул адамдар ѳзүлѳрү жарнамалаган финансылык пирамидалардын акыркы жыйынтыгын аң-сезимдүү түшүнүп, кѳрүп турушканын белгилеп кеткибиз келет. Өз аймактарында же өлкөсүндө социалдык статуска ээ болуу менен, өз элине социалдык жана экономикалык жардам көрсөткѳндѳрүн бетке кармап, жөнөкөй элди адаштырып, тигил же бул финансы пирамидасына каражат салуу коркунучтуу эмес деп ишендирүү менен адаштырып, байып келе жатышат.
Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына жарнамадан финансылык пирамидага алып келүүчү жоопкерчиликти түзүү, ошондой эле жарандардын укуктарын коргоо максатында эл өкүлү Ташиев Шаирбек “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштап жатат.
Эгерде мыйзам долбоору кабыл алынса, мындай иштер үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралгандыктан, блогерлер, ар кандай уюмдардын активисттери жана башка коомдук инсандар тигил же бул каржы өнүмдөрүн жарнамалоодо кыйла этият жана жоопкерчиликтүү болушат деп ишенебиз. Анын үстүнө, бул кылмыш жоопкерчилигине алып келет.
Булак: NazarNews.kg