www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Мейкинбек Абдалиев жарандар жакын арада Ысык-Көлгө түшкүсү келбей калат деп кооптонууда. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда мунай-газ жок, бирок жаратылышы бейиштей, анын ичинде көлүбүз бар.
«Тилекке каршы, акыркы убакта Ысык-Көлгө көңүл бурбай калдык, анын жээгинде пансионаттар, санаторийлер, эс алуу үйлөрүнүн саны абдан көп, бирок алардын көбүндө тазалоочу жайлар жок, таштандылардын баары сууга агып кетет. Эгер ушинтип кете берсек, жакын арада туристтер гана эмес, өзүбүздүн да түшкүбүз келбей калат», - деди Абдалиев.
Ал министрлер кабинетинен бардык эс алуу үйлөрүндө тазалоочу жайлардын бар-жоктугун жана эл аралык стандарттарга шайкештигин текшерүүнү өтүндү.
"Эгерде шарт жок болсо, пансионаттарга эс алуучуларды кабыл алуусуна тыюу салуу керек. Көлүбүздү сакташыбыз керек, антпесе келечек муун кечирбейт", - деди депутат.
Ал кошумчалагандай, Ысык-Көлдөгү жайкы лагерлерге байлардын, чиновниктердин балдары барышат, бирок жөнөкөй жарандар эмес. "Алар лагерлерди кыдырып чыгышы керек. Көптөгөн балдарыбыз айылдан башка жакка чыга элек. Орундар сарамжалдуу бөлүштүрүлсүн", - деди Абдалиев.
Булак: NazarNews.kg