www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Генерал Өмүрбек Суваналиев Баткен облусунун губернатору болуп турганда контрабандалык товарларды, наркотрафикти кан буугандай токтоткон. Ал кызматтан кеткенден кийин бардак башталганы эсибизде. Тажикстан аркылуу Баткенден 440 кг героин (баасы 40 миллион долларлык) өтүп, Оштон кармалганы кабарланган.

Учурда Баткен облусун Абдикарим Алимбаев жетектеп отурат. Бул башынан эле контрабанданы көзөмөлдөөчү катары айтылып, ызычууга кабылганын кантесиңер? Убагында көп сандагы куралжарактардын жоголушуна да айыпталып, кызматынан айдалганын унутуп калдыңарбы?

Дал ушундай “калбыры” бар кадр Баткен облусун жетектеп турганда, контрабанда, наркобизнес гүлдөп атканы ыраспы? Эмне үчүн тийешелүү органдар Абдикарим Алимбаевдин сары изине түшүп, көзөмөлгө алуу менен баа беришпейт? Бул суроолор жоопсуз калбашы керек.

Азырынча “кара дүйнөгө”, кирдүү байлыкка байланыштуу көшөгө артынан күбүр-шыбыр кептер козуй баштады...

Булак: Азия News гезити

Последние новости