www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Окумуштуулар океандагы чоң өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөө жана алдын ала божомол берүү үчүн мониторинг жүргүзүүчү каражаттарды жана технологияларды жакшыртуу зарылдыгын белгилешкен.

Акыркы эки жылда Арктикадагы муздардын эриши рекорддук көрсөткүчкө жеткенин Journal of Operational Oceanography илимий журналындагы отчетко таянуу менен РИА Новости жазды.

Изилдөөнү Европадагы 30 институтта эмгектенген 120дан ашуун окумуштуу жүргүзгөн.

Отчeтто соңку он жылдын ичинде Арктикадагы муздун деңгээли 1979-жылга салыштырмалуу 13 пайызга, ал эми Баренц деңизиндеги муздун орточо калыңдыгы 90 пайызга азайганы белгиленет.

Эксперттердин айтымында, учурда Түндүк Муз океанынын (Арктика) жылышы глобалдык океандын жылуусунун болжол менен төрт пайызын түзөт. Арктикадан башка бассейндерге түшкөн муз агымынын кескин азайып кетиши жылуулануу процессин тездетиши мүмкүн. Натыйжада бул суу ташкындарына жана деңиз флорасы менен фаунасынын өзгөрүшүнө алып келет.

Отчеттун авторлору мисал катары 2019-жылы Венецияда болгон рекорддук суу ташкынын жана Жер Ортолук деңизинин бир нече жолу көтөрүлүшүн айткан. Түндүк деңизде суу муздап, кайра жылыганда көптөгөн краб менен балыктын түрлөрү азайган.

Жыйынтыгында окумуштуулар океандагы чоң өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөө жана алдын ала божомол берүү үчүн мониторинг жүргүзүүчү каражаттарды жана технологияларды жакшыртуу зарылдыгын белгилешкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости