www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эсибизде. Аликбек Жекшенкулов Москвада элчи болуп турганда мигранттарга кам көрүлүп, укуктук, моралдык жактан колдоого алынып турган. Өзгөчө пандемия айларында күнү-түнү талыкпай иштеп, мекендештерибиздин көйгөйлөрүн чечүүдө жол тапкычтыгын, профессионалдык деңгээлин көрсөткөн.
Россия менен Кыргызстандын алакасын жакшыртууга, өлкөбүзгө гуманитардык жардамдарды алып келүүгө салым кошкон. Ток этери, Аликбек Жекшенкуловду убагында баалай албаптырбыз.
А азыр эмне болуп жатат? Гүлнара-Клара Самат аттуу Россиядагы элчинин ишине ичи чыкпагандар арбыды. Соңку убакта мекендештерибизге кысымдар арбып, ар кандай куугунтуктарга кабылып жатканы кабарланууда. Укуктары тебеленген мигранттарды эмнеге колдобойт?
Депортацияга кабылган жердештерибиздин көйгөйлөрүн чечүүгө салым кошо албайбы? Дал ошол кара жумушта кыйналып иштегендер өлкөбүздүн экономикасына салым кошуп жатышканын кантип жашырабыз? А элчибиз эшек такалап отурабы?
Айтор, түйшөлткөн суроолор арбын. Иш жүзүндө Гүлнара-Клара Самат өз милдетин так аткара албай жатканы, тажрыйбасы жетпегени байкалды. Эки мамлекеттин алакасын жакшыртууга салым кошмок тургай, аракетин да көрө албадык, эмне ишти кыйратканы белгисиз.
Быйылкы жылдан баштап Россиядан келген азык-түлүктөр, күйүүчү майлар, курулуш материалдары дээрлик эки эсеге чейин кымбаттап кетти. Социалдык-экономикалык жактан Кыргызстанга кыйынчылык жаралууда. Мамлекетибиз артка кетүүдө. Бул жагынан элчи кандай иштиктүү демилгелерди алып чыкты? Кабар жок.
Кыскасы, Гүлнара-Клара Самат дипломатиялык чеберчилигин көрсөтмөк тургай, эң жөнөкөй элчилик кызматтын жүгүн тарта албады. Өкүнүчтүү. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана президенттин администрациясы баа береби? Он миңдеген мекендештерибиздин тагдырын кайдыгер айымдын колуна салып берип коёбузбу? Кайсы логикага сыят? Эл күтүп жатат.
Натыйжалуу чара көрүлүп, ордуна ишбилги, профессионал элчи дайындалабы?
Булак: Азия News гезити