www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Президенттин бангизат, курал, адам сатуу, кылмыштуу кирешелерди адалдоо, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү чакырыктары ишенимдүү болду», - деди бүгүн, 23-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Каныбек Осмоналиев.

- Каныбек агай, президенттин БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясында сүйлөгөн сөзү коомчулукта чоң талкуу жаратууда. Ажонун кайсыл сунушу дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурду? Көтөргөн кайсыл маселеси мамлекет үчүн пайдалуу болду?

- Ооба, кечээ адаттагыдай эле, Нью-Йоркто, БУУнун Башкы Ассамблеясынын кезектеги 75-сессиясы өз ишин баштады. Бул Ассамблея дүйнөнүн 193 өлкөсүн мүчө катары өзүнө камтыйт жана БУУнун акылдашуучу, директивалык жана өкүлчүлүктүү органы болуп саналат. Мындай зор даражалуу форумда биздин президентибиздин сөз сүйлөөсү, албетте, жакшы көрүнүш.

Садыр Нургожоевич өз сөзүнүн башында эле Кыргызстан демократиялык жолдон кайтпай тургандыгын баса белгилеп койгону дурус болду. Бул маселе өтө маанилүү. Дүйнөлүк коомчулук үчүн дагы, анан, албетте биз өзүбүз үчүн дагы. Болбосо, өзүбүздөн эле «тоталитардык жолго түшүп бара жатышат, «хандык» бийлик келди» - деген, жана башка сындар айтылып жатпайбы?

Башка маселе, президенттин бул позициясы жасаган иштери менен дал келиши абзел. Мен өзүм президенттин бул кайрылуусунун маанилүү деп ойлогон жактарын белгилесем алар мындай: биз жашаган региондогу өлкөлөрдүн БУУга кошулганынын 30 жылдыгына карата 2022-жылда «Борбордук-Азия – БУУ» саммитин өткөрүү; эл аралык автомобиль жана темир жолдорун кеңейтүү, логистикалык борборлорду жана транспорттук терминалдарды түзүү; «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол магистралын куруу долбоору; эл аралык жүк ташууларга жагымдуу шарт түзүүнү жана өлкөлөр ортосундагы жүк ташуулардын кармалуусуна жол бербөөнү, ошондой эле экономикалык кооперацияга баруучу жолдогу токоолдуктарды алууну, өлкөлөр менен региондор ортосундагы транзитти, чек арадан өтүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүүнү жактоо. Жапаровдун бул сунуштары жакшы.

Анткени, жогорудагы көйгөйлөр экономиканын өнүгүүсүнө кандай тоскоол болуп келгендиктерин баарыбыз эле жон терибиз менен сезип жатабыз го?  Президент Афганистандагы абалды эске алып, Чоң жана Кичи Памирдеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү маселесин туура көтөрдү.

Ал өзү убагында, парламентте «Кайрылмандар» жөнүндөгү мыйзамдын автору экендигин эске алсак, бул маселени туура түшүнгөндүгүн байкайбыз. Эл аралык терроризм маселесин дагы унуткан жок.

Айрыкча, бангизат жана курал, адам сатуу, кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана кибер мейкиндик жаатында мыйзамсыз алектенген трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чакырыктары ишенимдүү болду.

Кыргызстанга абийири жок инвесторлор кирип алышып, ишенчээк элибизди алдап, экологияга олуттуу зыян кылгандарды БУУнун эсине салганы мага абдан жакты. Муну туура кылды. Анткени, ошол аферисттердин ири башчысы болгон «Центерра» менен соттошуп жатпайбызбы? Климаттын өзгөрүшү менен байланышкан маселелер дагы ордунда болду.

Тоо саммитин өткөрүү, ал үчүн БУУнун алкагында атайын Глобалдык фонд түзүү сунушу мактоого татырлык. Президент Садыр Жапаровдун бул жолку кайрылуусу мага жакты. Ашыкча сөз жок. Баары өз орду менен болду.

Эсиңиздерде болсо, бир президентибиз БУУга барып алып Кыргызстандын ичиндеги эле өзүнө оппозиция болгондорду өлөрчө шыбап, баарыбызды эл аралык коомчулуктун астында жер каратпады беле? Башка маселе, эми жогорудагы демилгелер ишке ашуусу үчүн жапа тырмак ишке киришүүбүз маанилүү болуп турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости